Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014 жылдын 7-августу № 321-б
«Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16 жана 18 беренелерине ылайык:
1. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында «Коопсуз шаар» жана «Электрондук ККК» долбоорлору демилгеленсин.
2. Аталган долбоор боюнча мамлекеттик өнөк катары чыгуучу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги белгиленген тартипте:
- бир апталык мөөнөттө тендер өткөрүүнүн эрежесин иштеп чыксын, тендердик документтерди даярдасын жана тендердик комиссияны түзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине аталган долбоорлорду демилгелөө тууралуу билдирсин.
3. Бул буйруктун аткарылышы контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |