РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7- августундагы № 321-б (Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында «Коопсуз шаар» жана «Электрондук ККК» долбоорлордун демилгеленүү боюнча) буйругу

Редакция07.08.2014 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014 жылдын 7-августу № 321-б

«Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16 жана 18 беренелерине ылайык:

1. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында «Коопсуз шаар» жана «Электрондук ККК» долбоорлору демилгеленсин.

2. Аталган долбоор боюнча мамлекеттик өнөк катары чыгуучу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги белгиленген тартипте:

- бир апталык мөөнөттө тендер өткөрүүнүн эрежесин иштеп чыксын, тендердик документтерди даярдасын жана тендердик комиссияны түзсүн;

-  Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине аталган долбоорлорду демилгелөө тууралуу билдирсин.

3. Бул буйруктун аткарылышы контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө тапшырылсын.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев