Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 25-июлу № 292-б
Ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды коомго интеграциялоо үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү жана шарттарды түзүүнү камсыздоо, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарына тиешелүү мыйзамдардын ченемдерин аткарууну сактоо боюнча жоопкерчиликтерин күчөтүү максатында:
1."Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарьшышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министринин маалыматы көңүлгө алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге республиканын шаарларында үн сигналдары бар светофорлорду, жөө өтмө жана жол белгилерин орнотуу боюнча ишти күчөтсүн;
- ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга карата укук бузуулардын эсебин алсын жана талдоо жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жумушсуз адамдар үчүн жумуш орундарын түзүү боюнча чакан бизнес уюмдарынын иштерин активдештирсин.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын автомобиль, аба, темир жол унааларына жетүүлөрү үчүн шарттарды түзүү боюнча чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги:
- ченемдик укуктук актылардагы ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын кемсинткен басмырлоо ченемдердин, боштуктардын жана карама-каршылыктардын болушуна карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына талдоо жүргүзсүн;
- ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча мыйзам чыгаруу базасын өркүндөтсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай- коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте:
- долбоорлоо-сметалык документтерди кароодо ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жөнүндө мыйзамдардын ченемдеринин сакталышына контролду камсыздасын;
- ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар менен иштеген коммерциялык эмес уюмдар менен бирге ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн ыңгайлуулугуна карата колдонулуудагы имараттарга (турак үйлөрдү кошпогондо) инвентаризациялоо жүргүзсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги:
- Кыргыз Республикасында спорттун паралимпиадалык түрлөрүн өнүктүрүү боюнча иштерди активдештирсин;
- ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын катышуусу менен массалык комплекстүү мелдештерди туруктуу негизде өткөрсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясына ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды маалыматтык коштоону киргизүү боюнча иш-чараларды уюштуруу сунушталсын.
9. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарына тиешелүү мыйзамдардын ченемдерин сапаттуу жана өз убагында ишке ашыруу үчүн тиешелүү чараларды көрүшсүн;
- ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн иштеп жаткандардын санынан 5 пайыздан кем эмес өлчөмдө жумуш орундарын квоталоо боюнча ченемдерди сакташсын;
- ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын социалдык мекемелерге, административдик жана өндүрүштүк имараттарга жетүү шарттарын түзүү максатында инвестицияларды тартуу боюнча иштерди күчөтүшсүн;
- республикалык бюджеттен "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашырууга финансылык каражаттарды карашсын; ,
- республикалык жана жергиликтүү бюджеттен мамлекеттик социалдык тапшырыктын алкагында социалдык ишкердикти өнүктүрүүгө каражат карашсын;
- жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиялардын жыйындарында ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын" укуктарына тиешелүү мыйзамдардын ченемдеринин аткарылышын карашсын.
10. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө, уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө, региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жана маалыматтык саясат белүмүнө жүктөлсүн
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |