Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 15-августу № 330-б
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-августундагы № 330-б буйругуна редакциясына ылайык)
Ош шаарынын жана Ош облусунун Кең-Сай жана Ачы жаңы конуштарын долбоорлоо жана куруу боюнча иштерди аяктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр мамлекеттик заказчылар болуп аныкталсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин Ош облусу боюнча капиталдык курулуш башкармалыгы - Ош шаарынын жана Ош облусунун Кең-Сай жана Ачы конуштарынын инфратүзүмүн өнүктүрүүнүн жана бул жаңы бул жаңы конуштардын аймагында 110 Кв электр өткөрүчүү линиясы менен 110/35/10 кВ көмөк чордонун курууга биринчи этабында конуштардын аймактарын өздөштүрүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги иш-чараларды жүргүзүү боюнча:
- Ош шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы - Ош шаарынын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыздоо жумуштарын аткаруу боюнча;
- Ош шаарынын мэриясынын шаардык жолдор башкармалыгы Ош шаарынын Навои көчөсүндө эстакада көпүрөнүн долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгуу жана куруу боюнча.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-августундагы № 330-б буйругуна редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Россия Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасына акысыз финансылык жардам катарында берилген 22 000 000 млн (жыйырма эки миллион) АКШ доллары өлчөмүндөгү каражатты темөнкүдөй бөлүштүрсүн:
4450000 (төрт миллион төрт жүз элүү миң) АКШ доллары - Кең-Сай конушунун аймагын өздөштүрүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги иш-чараларды жүргүзүүгө;»-курулуш иштеринин план-графиги жана ушул буйруктун 2-пунктунда аталган каражаттардын пайдаланышы тууралуу отчет ай сайын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине белгиленген тартипте берилсин.»
440 000 (төрт жүз кырк миң) АКШ доллары - Ачы конушунун аймагынын инфратүзүмүн өнүктүрүүнүн биринчи этабында өздөштүрүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги иш-чараларды жүргүзүүгө;
өткөрүүчү линиясы менен 110/35/10 кВ көмөк чордонун курууга- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине, Кең-Сай жана Ачы конуштарынын аймагына 110/10 кВт көмөк чордонду 110 кВт электр өткөрүүчү линиясы менен курууга;
12 870 000 (он эки миллион сегиз жүз жетимиш миң) АКШ доллары - Ош шаарынын Навои көчөсүндө эстакада көпүрөнүн долбоордук-сметалык документтерин түзүү жана куруу үчүн;
1 130 000 (бир миллион жүз отуз миң) АКШ доллары - Ош шаарынын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча жумуштарды каржылоого;
- "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-августундагы № 330-б буйругуна редакциясына ылайык)
3. Мамлекеттик заказчылар:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине объекттердин курулушунун долбоордук-сметалык документтерин тапшырышсын;
- курулган объекттерге бул объекттер Россия Федерациясы тарабынан берилген каражаттардын эсебинен курулгандыгы жөнүндө маалымат жайгаштырышсын.
4. Мамлекеттик органдардын жетекчилери курулушка бөлүнгөн финансы каражаттарыньш максаттуу пайдаланылышы үчүн жеке жоопкерчиликте болушаары белгиленсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | ДЖ.К. Оторбаев |