Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 12-декабрындагы № 570-б
Ош шаарынын жана Ош облусунун Кең-Сай жана Ачы жаңы конуштарын долбоорлоо жана куруу иштерин аяктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-августундагы № 330-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун биринчи абзацындагы "инфратүзумүн өнүктүрүүнүн" деген сездөрдөн кийин "жана бул жаңы конуштардын аймагында 110 кВ электр өткөрүүчү линиясы менен 110/35/10 кВ көмөк чордонун куруунун" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пункттун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин;
"- 3 110 000 (үч миллион бир жүз он миң) АКШ доллары - Кең-Сай жана Ачы жаны конуштарынын аймагына 110 кВ электр өткөрүүчү линиясы менен 110/35/10 кВ көмөк чордонун курууга;".
3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- курулуш иштеринин план-графиги жана ушул буйруктун 2-пунктунда аталган каражаттардын пайдаланылышы тууралуу отчёт ай сайын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине белгиленген тартипте берилсин;".
Премьер-министр |
|