Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 15-августу № 331-б
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-мартындагы № 102-б буйругунун редакциясына ылайык)
Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл аймагынын "Сары-Колот" жаңы конушунун инфратүзүмүн долбоорлоо, куруу жана Ош облусунун Барак эксклавынын тургундарына ссудаларды бөлүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. "Сары-Колот" конушунун аймагын өздөштүрүү жана өнүктүрүү багытындагы биринчи кезектеги иш-чараларды өткөрүү боюнча мамлекеттик тапшырыкчы катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин Ош облусу боюнча Капиталдык курулуш башкармалыгы аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Россия Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасына акысыз финансылык жардам катарында берилген 3,0 млн. (үч миллион) АКШ доллары суммасындагы каражатты темөнкүчө бөлүштүрсүн:
2396150 (эки миллион үч жүз токсон алты мин, жүз элүү) АКШ долларын Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл аймагынын "Сары-Колот" жаны конушунун аймагын өздөштүрүү жана енүктүрүү боюнча биринчи кезекте турган иш-чараларды өткөрүүгө;
603850 (алты жүз үч миң сегиз жүз элүү) АКШ долларын Ош облусунун Барак эксклавынын көчүрүлө турган жана кала турган тургундарына акысыз негизде ссудаларды берүүгө.
- "2014-жылга республикалык бюджет жана 2015-2016-жылдарга божомол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө тийиштүү мыйзам долбоорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана киргизсин.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-мартындагы № 102-б буйругунун редакциясына ылайык)
3. Мамлекеттик тапшырыкчы:
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 38-беренссиие ылайык курулуш кызматтарып жана курулуштун долбоордук - сметалык документтерин иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү бир булактан сатып алууну ишке ашырсын;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине объектилерди куруупун долбоордук - сметалык документтерин берсин;
- иштердин жана объекттерди пайдаланууга берүүнүн календарлык планын иштеп чыксын жана бекитсин;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине ай сайын белгиленген тартипте каражаттардын пайдаланылышы жөнүндө отчет берип турсун.
4. Барак эксклавынын көчүрүлө турган тургундарына акысыз ссудаларды берүү боюнча жооптуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак- жай-жарандык курулуш департаменти (мындан ары - Департамент) аныкталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ош облусунун Барак эксклавынан көчүрүлө турган Ош облусунун Барак эксклавында кала турган тургундардын тизмелерин бекитсин жана Департаментке берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-мартындагы № 102-б буйругунун редакциясына ылайык)
6. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан бекитилген тизме боюнча, Ош облусунун Барак эксклавына көчүрүлө турган тургундарына ар бир үй-бүлөгө 200 000 (эки жүз миң) сом суммада кайтарымсыз ссудаларды үч этаптуу транш менен, аткарылган иштердин актыларына ылайык курулуш-монтаждоо иштеринин аткарылышына жараша төмөнкү тартипте бөлсүн:
50 000 (элүү миң) сом суммасындагы биринчи транш - жер иштерине жана пайдубалды тургузууга;
100 000 (жүз миң) сом суммасындагы экинчи транш - дубалдарды тургузууга жана чатырды жабууга;
50 000 (элүү миң) сом суммасындагы үчүнчү транш - терезелерди жана эшиктерди орнотууга, жасалгалоо жана башка иштерге.
Кийинки транштар боюнча бөлүштүрүлгөн каражаттар мурдагы транштар боюнча которулган акча каражаттарынын эсебинен аткарылган иштердин актысы Департаментке берилгенден кийин которула тургандыгы белгиленсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусунудагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан бекитилген тизме боюнча, Ош облусунун Барак эксклавында жашоо үчүн калган тургандарына, ар бир үй-бүлөгө 200000 (эки жүз миң) сом суммада кайтарымсыз ссудаларды траншыс бөлсүн».
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-мартындагы № 102-б буйругунун редакциясына ылайык)
7. Бөлүнгөн финансы каражаттарынын максаттуу пайдаланылышы үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жекече жоопкерчилиги белгиленсин.
8. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарагынып региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар болүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр |
|