КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 17-марты № 102-б
Ош облусунун Барак эксклавынын инфратүзүмүн өнүктүрүү жана тургундарынын турак-жай шарттарын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-августундагы № 331-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктунун төртүнчү абзацы жана 4-пункту "көчүрүлө турган" деген сөздерден кийин "жана кала турган" деген сөздер менен толукталсын;
- 5-пункту "көчүрүлө турган" деген сөздөрдөн кийин "Ош облусунун Барак эксклавында кала турган" деген сөздер менен толукталсын;
- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "6. Департамент:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан бекитилген тизме боюнча, Ош облусунун Барак эксклавына көчүрүлө турган тургундарына ар бир үй-бүлөгө 200 000 (эки жүз миң) сом суммада кайтарымсыз ссудаларды үч этаптуу транш менен, аткарылган иштердин актыларына ылайык курулуш-монтаждоо иштеринин аткарылышына жараша төмөнкү тартипте бөлсүн:
50 000 (элүү миң) сом суммасындагы биринчи транш - жер иштерине жана пайдубалды тургузууга;
100 000 (жүз миң) сом суммасындагы экинчи транш - дубалдарды тургузууга жана чатырды жабууга;
50 000 (элүү миң) сом суммасындагы үчүнчү транш - терезелерди жана эшиктерди орнотууга, жасалгалоо жана башка иштерге.
Кийинки транштар боюнча бөлүштүрүлгөн каражаттар мурдагы транштар боюнча которулган акча каражаттарынын эсебинен аткарылган иштердин актысы Департаментке берилгенден кийин которула тургандыгы белгиленсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусунудагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан бекитилген тизме боюнча, Ош облусунун Барак эксклавында жашоо үчүн калган тургандарына, ар бир үй-бүлөгө 200000 (эки жүз миң) сом суммада кайтарымсыз ссудаларды траншыс бөлсүн».
Премьер-министр |
|