Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИ
БУЙРУК
2014-жылдын 5-августу № 342
2014-жылдын 17-28-августунда Ысык-Көлдүн жээгинде "Союз-2014 - Жеңиштин мурасчылары" аскердик-спорттук уюмдардын жана кадеттик корпустардын эл аралык жаштар билим берүү жыйынын (мындан ары - Жыйын) ийгиликтүү даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылуу максатында:
1. "Союз-2014 - Жеңиштин мурасчылары" аскердик-спорттук уюмдардын жана кадеттик корпустардын эл аралык жаштар билим берүү жыйынын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - Уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети бир жумалык мөөнөттө Россия тараптан Жыйындын уюштуруучулары менен бирдикте Жыйынга даярдануу жана өткөрүү боюнча уюштуруу иш-чараларынын планын макулдашсын жана бекитсин.
3. Жыйынды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар ишке тартылган мамлекеттик органдардын бюджеттеринин чегинде, ошондой эле демөөрчүлүк каражаттарды тартуунун эсебинен ишке ашырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги иш-чаралар өткөрүлгөн жана катышуучулар жашаган жерлерге баруу маршруту боюнча Жыйындын катышуучуларынын жана меймандарынын коопсуздугун камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитетинин, административдик ведомстволорунун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Бишкек жана Чолпон-Ата шаарлардын мэрлери (макулдашуу боюнча) уюштуруу комитетине аталган иш-чараны өткөрүүдө көмөк көрсөтүшсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Дж.К. Оторбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 5-августундагы № 342 буйругуна тиркеме
|
"Союз-2014 - Жеңиштин мурасчылары" аскердик-спорттук уюмдардын жана кадеттик корпустардын эл аралык жаштар билим берүү жыйынын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин
КУРАМЫ
Маматалиев Абдырахман Мадакимович | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Суеркулов Замир Казакбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин биринчи орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Кадыров Бахтияр Сабиржанович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Борбукеева Рита Нурмаметовна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Джунушалиев Кашкар Астаканович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары; |
Калиев Марат Темирбекович | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары; |
Кендирбаева Догдургуль Шаршеевна | - | Кыргыз Республикасынын Билим. берүү жана илим министринин орун басары; |
Нуралиев Марат Абдыкеримович | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары; |
Мотукеев Болот Джакинбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Бусурманкулов Эмилбек Бурканбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Сыдыкова Гульмира Ракыевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти; |
Мамбетакунов Нурбек Тельманович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусунун биринчи орун басары; |
Рыскулова Айгуль Маратбековна | - | Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Бакиров Болот Саякович | - | Чолпон-Ата шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Боронбаев Рыскул Мамбеткулович | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Улуттук маданий борборунун башкы директору; |
Фельд Виктор Леонидович | - | Кыргызстандагы Вена бийи борборунун көркөм жетекчиси (макулдашуу боюнча). |