КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 19-августу № 333-б
2014/2015-жылдып алдыдагы күзгү-кышкы мезгилине Ош шаарынын калкын даярдоо максатында, "Кыргыз Республикасынып Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 297-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 1-пунктунда:
жетинчи жана сегизинчи абзацтары төмөнкүдой редакцияда берилсин:
"Ош шаарынын "Жылуулук менен жабдуу" муниципалдык ишканасына - 4 электр от казанын катуу отунга этап-этабы менен которуу үчүн 17,2 млн.сом (Бабур атындагы № 43 орто мектептин, № 48 "Росинка" бала бакчанын, "Боорукердик" интернат-үйүнүн, Нишанов 1-2 атындагы № 50 орто мектептин электр от казандары);
- Ош шаарынын мэриясына бекер берилүүчү 31,97 млн. сом өлчөмүндөгү каражат, анын ичинен 13,5 млн. сом - жаратылыш газып керектоөчүлөр үчүн газ баллондорун жана плиталарын сатып алууга жана 18,47 млн. сом - Ош шаарынын мэриясы тарабынан бекитилген тизмеге ылайык 23 үй-бүлөлүк жатакананын жылытуу тутумуп калыбына келтирүүгө;";
төмөнкү мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- Ош облусунун Кара-Суу районунуп жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бекер берилүүчү каражаттар (тиркемеге ылайык), 3,63 млн.сом өлчөмүндө жаратылыш газын керектөөчүлөр үчүн газ баллондорун жана плиталарын сатып алууга.";
- 2-пунктунун экинчи абзацындагы "мэриясы" деген соз "Жылуулук менен жабдуу" муниципалдык ишканасы" деген создор менен алмаштырылсын»;
- бул буйруктун тиркемесине ылайык редакциядагы тиркеме менен толукталсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19 августундагы № 333-б буйругуна тиркеме |
Тиркеме
Ош облусунун Кара-Суу районунун жергликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тизмеги
№ | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аталышы | Сумма (сом менен) |
1 | Төлөйкөн | 379 400 |
2 | Кызыл-Кыштак | 867 200 |
3 | Шарк | 813 000 |
4 | Сарай | 59 620 |
5 | Савай | 132 790 |
6 | Нариман | 650 400 |
7 | Кара-Суу шаары | 727 500 |
| Жыйынтыгы | 3 629 910 |