Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т
тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 26-августу № 350-б
Кыргыз Республикасынын аймагынан Казакстан Республикасынын аймагына товарларды алып чыгууда тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруучу жактарга көмөк көрсөтүү максатында:
1. Тиркемеге ылайык курамда ведомстволор аралык топ түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык топ:
- тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашырып жаткан жактардан Кыргыз Республикасынын аймагынан Казакстан Республикасынын аймагына товарларды алып чыгууда мамлекеттик чек ара аркылуу бажылык тариздөө жерлеринде жана өткөрүү пункттарында даттануулар түшкөн учурда аларды кароо жана түшкөн маалыматтарды текшерүүнү жүзөгө ашыруу боюнча шашылыш чараларды көрсүн;
- контролдоочу органдардын кызмат адамдары жана кызматкерлери тарабынан укук бузуу фактылары белгиленген учурларда контролдоочу органдардын жетекчилерине тартиптик жаза чараларын көрүү үчүн маалымат жиберсин;
- контролдоочу органдардын жетекчилери кызматкерлерге тартиптик жаза чараларын көрбөгөн учурда Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине ушундай жетекчилерге тартиптик жаза чарасын көрүү жөнүндө сунуш киргизсин;
- зарылдыгына жараша ведомстволор аралык топтун жыйынын өткөрүп, анын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине маалымат жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында ведомстволор аралык топтун . "ишеним телефондорун" уюштурушсун.
4. Ведомстволор аралык топтун ишин уюштуруучулук-техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына жүктөлсүн.
5. Ведомстволор аралык топко белгиленген тартипте министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин, эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга укук берилсин.
6. Республикасынын Өкметүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-августундагы № 350-б буйругуна тиркеме |
Ведомстволор аралык топтун
Курамы
Касымалиев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын министринин орун басары, аралык топтун жетекчиси; |
Кадыркулов М.А | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, ведомстволор аралык топтун жетекчисинин орун басары. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кадыркулов И.А.
| - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга карты кызматынын директорунун орун басары; |
Уезбаев У.К. | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; |
Сатывалдиев К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары; |
Усубалиев Т.К. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары; |
Мамбеталиев И.С.
| - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары - Башкы штабдын начальниги; |
Исаков Ж.И. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары; |
Абылгазиев Т.К.
| - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финполиция) терагасынын орун басары; |
Исаев Т.К. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жол-кайгуул кызматынын начальниги; |
Санарбек А. | - | Соода ишканалары, рыноктор жана базарлар ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Доолоталиева Д.Т. | - | «Дордой базары» ЖЧКнын профсоюзунун төрагасы (макулдашуу боюнча). |