Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 20-августу № 336-б
Региондук эл аралык финансылык борборду (мындан ары - ЭФБ) түзүүнүн өбөлгөлөрүн изилдөө, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21 -январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген, 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын жоболорун ишке ашыруу максатында:
1. Региондук ЭФБны түзүүнүн өбөлгөлөрүн изилдөө боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ бир айлык меөнөттө региондук ЭФБны түзүүнүн максатка ылайыктуулугун талдоону жүргүзсүн жана бул маселе боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ зарыл болгон учурда ички топторду түзүүгө, министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана мекемелердин адистерин ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20 - августундагы № 336-б буйругуна тиркеме
|
Пирназаров М. Т. | -
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары, жумушчу топтун жетекчиси. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Калиев А.Р. | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; |
Өмүрзаков А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директорунун орун басары; |
Сүйүмбаева П.У. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы; |
Алымбеков Н.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чектеш өлкөлөр департаментинин кеңешчиси; |
Байдөөлөтов Н.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин инвестициялык саясат жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк бөлүмүнүн башчысы; |
Сыдыков Б.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыз башкармалыгынын начальниги; |
Ералиев Н.К. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын" лицензиялоо бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча); |
Чалбаев С.А. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Тышкы көзөмөл башкармалыгынын банктарды тышкы көзөмөлдөө бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча); |
Мамытов Н.М | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн начальниги; |
Асанкулова М.С. | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин стратегиялык өнүгүү жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы; |
Артыкбаев А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Казаков К.К. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Күрөөнү каттоо борбордук контору, Соттук экспертизалар жана юридикалык жактарды экспертизалоо мамлекеттик борбору менен иштөө боюнча башкармалыктын начальниги; |
Сагындыков А.С. | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тышкы саясатты талдоо, пландаштыруу жана координациялоо департаментинин эксперти; |
Кыдыралиев М.С. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин бешинчи башкы башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук оперкызматкери; |
Жумабаев Д.К. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетанин Коррупцияга каршы кызматынын улук оперкызматкери; |
Токбаев А.А. | - | Кыргызстандын банктар союзунун эксперти (макулдашуу боюнча); |
Максутов Н.Б. | - | Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
Ниязов Н.А. | - | "Кыргыз фондулук биржасы" жабык акционердик коомунун президента (макулдашуу боюнча). |