Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ ЖЕТЕКЧИСИ - МИНИСТР
БУЙРУК
2014-жылдын 27-августу № 173
Кыргыз Республикасынын жараны A.M. Гаджиеванын арызында баяндалган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын айрым кызматкерлеринин иш-аракетгерине карата фактыларды иликтөө максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси- министрдин 2014-жылдын 6-августандагы № 161 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбулада, 2-пунктта жана аталган буйрук менен бекитилген тиркеменин аталышында «Г.Д. Тазалиеванын жана Т.А. Кожогуловдун» деген сөздөр «Г.Д. Тазалиеванын, Т.А. Кожогуловдун жана A.M. Гаджиеванын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пунктта «үч жумалык мөөнөттө» деген сөздөр «төрт жумалык мөөнөттө» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук внүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары | М.К. Муканбетов |