Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ ЖЕТЕКЧЕСИ - МИНИСТР
БУЙРУК
2014-жылдын 6-августу № 161
(КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министрдин 2014-жылдын 27-августундагы № 173 буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын жарандары Г.Д. Тазалиеванын, Т.А. Кожогуловдун жана А.М. Гаджиеванын арыздарында баяндалган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекетгик каттоо кызматынын айрым кызматкерлеринин иш-аракеттерине карата маселелерди кароо максатында:
(КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министрдин 2014-жылдын 27-августундагы № 173 буйругунун редакциясына ылайык)
1. Ведомстволор аралык комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия төрт жумалык мөөнөтте Кыргыз Республикасынын жарандары Г.Д. Тазалиеванын жана Т.А. Кожогуловдун арыздарында баяндалган маселелерди иликтесин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтунө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына сунуштамаларды киргизсин.
(КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министрдин 2014-жылдын 27-августундагы № 173 буйругунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:
- ведомстволор аралык комиссиянын сунуштамаларынын негизинде тийиштүү чараларды көрсүн;
- ведомстволор аралык комиссиянын сунуштамалары келип түшкөн күндөн тартып эки жумалык мөенөттө көрүлген чаралар жөнүндө арыз ээлерине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымдасын.
4. Ведомстволор аралык комиссияга жүктелгөн милдеттерди аткаруу үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана административдик ведомстволордун адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
5. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук жана башка камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жүктөлсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Апнаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммун и кациялар болүмүнө жүктөлсүн.
Руководитель Аппарата Правительства-министр |
Н.С. Момуналиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин 2014-жылдын 6 - августундагы № 161 буйругуна тиркеме
|
Бекташев Кубанычбек Джумаевич
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн эксперти, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Убалиев Элдияр Маматжанович
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүне караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын торагасынын орун басары. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Капаров Алтынбек Акматович
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору; |
Бакаев Азат Джумгалбекович
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук транспорт, курулуш коммуникациялар бөлүмүнүн эксперти; |
Кенжебаева Айнур Абдрасуловна | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жерлерди пайдаланууну жана коргоону көзөмөлдөө, контролдоо боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Ажибраимова Чинара Асамбековна
| Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизалоо башкармалыгынын мыйзам долбоорлорун экспертизалоо бөлумүнүн башчысынын милдетин аткаруучу; |
Калдыкеев Исак Чымырбаевич
| Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин «Кыргызмамжердолбоорлоо» жерге жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институту» мамлекеттик ишканасынын техникалык бөлүмүнүн начальниги; |
Бейшенкулов Руслан Фронтбекович
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чуй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын агрардык өнүктүрүү секторунун башчысы; |
Рысбекова Тумарис Боронбаевна
| Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын мониторинг жана мыйзамдуулукту контролдоо бөлүмүнүн башкы адиси; |
Таалайбеков Эмильбек Таалайбекович
| Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын кызматкери; |
Шабданбеков Тимур Маратович
| Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын кызматкери. |