Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 28-августу № 359-б
Республиканын түштүк региондорунда жаратылыш газынын берилиши токтогондугуна байланыштуу маселелерди сапаттуу жана өз убагында чечүүнү камсыз кылуу, мамлекеттик органдардын жана отун-энергетикалык комплекстин ишканаларынын алдыдагы жылытуу мезгилине даярдык көрүү боюнча иштерин координациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-17-беренелерине ылайык:
1. Тиркемеге ылайык курамда Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча ыкчам штаб (мындан ары - ыкчам штаб) түзүлсүн:
Ыкчам штабга төмөнкүлөр жүктөлсүн:
- жаратылыш газы жок шартта Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы керектөөчүлөрдү энергия менен ишенимдүү камсыздоо маселелерин сапаттуу жана өз убагында чечүүнү камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы тийиштүү ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен макулдашып, жаратылыш газы жок калктуу конуштарда 2014/2015-жылдын күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча иш-аракеттер планын (мындан ары - Иш-аракеттер планы) бекитүү жана аны жүзөгө ашыруу боюнча чараларды көрүү;
- алдыдагы жылытуу мезгилине карата электр жана жылуулук тармактарынын даярдыгын жана керектөөчүлөрдүн суюлтулган газ жана электр мештери менен камсыздалышын мониторингдөө.
3. Ыкчам штабга коюлган маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка мекемелердин адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
4. Ыкчам штабдын ишин уюштуруучулук жана техкикалык камсыздоо, Иш-аракеттер планын аткаруу женүндө маалыматты жыйноо жана талдоо, ошондой эле алдыдагы жылытуу мезгилине даярдык көрүүнүн абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жума сайын маалымат берүү Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-августундагы № 359-б буйругуна тиркеме |
Турдубаев Кубанычбек Апышевич
| - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары, ыкчам штабдын төрагасы; " |
Тюменбаев Акылбек Рабаевич
| - | "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун долбоорлорду ишке ашыруу боюнча аткаруучу директору (макулдашуу боюнча), ыкчам штабдын төрагасынын орун басары. |
Ыкчам штабдын мүчөлөрү:
Майпасов Эрлан Эшенкулович
| - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин экономиканын тармактарынын чыгымдарын пландоо башкармасынын транспорт, байланыш, отун-энергетикалык комплекси жана туризм бөлүмүнүн башчысы; |
Шейшеканов Данияр Турдубекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Сатымбаев Абдибек Сатымбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; |
Халитов Михаил Гульфанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Абдыракман уулу Кутманалы | - | Ош шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Махаммадов Ахматжан Махаммадович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Дженалиев Нурбек Эргешбаевич
| - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Жолчиев Бакир Дыйканович
| - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Даминов Дыйканбай Исабаевич | - | «Ош электр» ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Абдылдабеков Абакиралы Касымалиевич | - | «Жалал-Абад электр» ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Аттокуров Анарбек Абдивалиевич | - | Ош шаарынын ЖЭТинин директору (макулдашуу боюнча); |
Алишеров Кубанычбек Алишерович | - | Оштогу «Жылуулук менен жабдуу» муниципалдык ишканасынын начальниги (макулдашуу боюнча); |
Ысманов Эмильбек Касымович
| - | «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун Оштогу жогорку вольттуу электр тармактары ишканасынын директору (макулдашуу боюнча); |
Жумашев Женишбек Назаралиевич | - | «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Озбеков Сабырбек Озбекович
| - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасынын түштүк региону боюнча директорунун орун басары (макулдашуу боюнча). |