КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 21-сентябры № 701
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы № 506 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык төмөнкү адамдар ээлеген кызматтарынан бошотулсун:
Алымкулов Эмилбек Абдыраимович - Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Сардарбеков Сабырбек - Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
Абдыраимакунова Чынара Тургунбековна - Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |