КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 21-сентябры № 704
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы № 506 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык төмөнкү адамдар ээлеген кызматтарынан бошотулсун:
Тезекбаев Кушбак Тезекбаевич - Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу;
Зикиров Таалайбек Мамаевич - Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу;
Махаммадов Ахматжан - Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |