Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 1-сентябры № 367-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн укуктук статусу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрине жогоруда аталган макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбае
|
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтү мындан ары Тараптар деп аталып, эки мамлекеттин кызматташуусун андан ары өнүктүрүү максатында миграция жагында өнөктөштүк кызматташуу аркылуу мамилелерди тереңдетүүнү каалап. төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги өз өкүлчүлүгүн Москва шаарында жайгаштыруу менен Россия Федерациясында (мындан ары - КР ЭМЖМ өкүлчүлүгү) уюмдаштырат.
КР ЭМЖМ өкүлчүлүгүнүн жетекчиси жана анын орун басары (орун басарлары) дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн дипломатиялык персоналынын мүчөлөрү үчүн таанылган эл аралык укук боюнча артыкчылыктардан жана иммунитеттерден пайдаланат.
КР ЭМЖМ өкүлчүлүгүнүн кызматтык жайлары, анын мүлкү. архивдери. документтери жана кат-кабарлары. опюндой эле анын персоналынын турак-жайлары дипломатиялык окүлчүлүктөрдүн турак-жайларына, анын мүлкүнө, архивдерине, документтерине жана кат-кабарларына, ошондой эле алардын дипломатиялык персоналынын жеке резиденцияларына карата эл аралык укук боюнча таанылган артыкчылыктардан жана иммунитеттерден пайдаланышат. КР ЭМЖМ өкүлчулүгү Россия Федерациясынын аймагында юридикалык жактын укуктарынан пайдаланат.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча КР ЭМЖМ өкулчүлүгүнүн бөлүмдөрү Россия Федерациясынын башка шаарларында ачылышы мүмкүн. КР ЭМЖМ өкүлчүлүктөрүнүн ачылышы Тараптар түзүүчү өзүнчө протоколдор менен таризделет.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөгө жана колдонууга карата талаш-тартыш маселелерди Тараптар консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечет.
Бул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу менен өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун 6-беренесинде аныкталган тартипте күчүнө кирет.
Бул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы женүндө жазуу жүзүндөгү акыркы кабарламаны дипломатиялык каналдар аркылуу алган күндөн тартып күчүнө кирет жана белгисиз мөөнөткө түзүлөт.
Бул Макулдашуу өз күчүн Тараптардын биринин экинчи Тараптан аны күчүн токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлама алган күндөн тартып 6 ай өткөндөн кийин токтотот.
20______ - жылы «__________» ___________________ шаарында эки нускада, ар бири кыргыз жана орус тилинде түзүлдү, эки текст бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн
| Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн
|