Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 1-сентябры № 365-б
Калкты алдыдагы күзгү-кышкы мезгилге өз убагында даярдоо, Бишкек шаары боюнча электр эмергиясып сарамжалдуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 15 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Калкты алдыдагы күзгү-кышкы мезгилге өз убагында даярдоо, Бишкек шаарында электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Комиссия эки айлык мөөнөттө:
- уруксатсыз иштетилип жаткам объекттерге (эксплуатацияга кабыл алуу актысы жок) инвентаризациялоону жүргүзсүн жана алардып тизмесин түзсүн;
- эреже бузуу фактылары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына сунуштарды киргизсин.
3. Комиссияга зарыл болгон учурда министрликтердин, административдик ведомстволордун адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консул ьтанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга уруксат берилсин.
4. Комиссиянын ишин уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкметүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга жүктелсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-сентябрындагы № 365-б буйругуна тиркеме
|
Нурбашов Таалайбек Инашевич
| - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчиси; |
Турдубаев Кубанычбек Апышевич
| - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана опор жай министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Муканбетов Санжар Турдукожоевич | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Шейшеканов Данияр Турдубекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Убалиев Элдияр Маматжанович
| - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары; |
Дюшембиев Бакытбек Осмонович | - | Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча). |