Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т
тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 3-сентябры № 375-б
Азербайжан Республикасынын Баку шаарында 2014-жылдын 9 - 10-сентябрында өтө турган Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-азербайжан комиссиясынын кезектеги экинчи жыйынынын ишине катышуу үчүн:
1. Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-азербайжан комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
2. Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрү 2014-жылдын 8-11-сентябрында Азербайжан Республикасынын Баку шаарына жиберилсин.
3. Комиссиянын жыйынына катышууга байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3 сентябрындагы № 375-б буйругуна тиркеме
|
Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча өкметтөр аралык кыргыз-азербайжан комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн курамы
Сарпашев Тайырбек Дуйшекеевич
| - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы; |
Буранов Айджигит Баймухамедович | - | Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы убактылуу ишенимдүү өкүлү; |
Воронов Кубатбек Айылчиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри; |
Абдылдаев Шералы Итибаеви | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун директору; |
Сыдыкова Гульмира Ракыевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти; |
Абдиев Бактыбек Абышевич
| - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүне караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин шаар куруу жана архитектура боюнча Бишкек шаардык башкармалыгынын начальниги; |
Ермек Жанат Ермекович
| - | Бишкек шаарынын мэриясынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Тургунбаева Асель Абдыракмановна
| - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар жана интеграциялык бирикмелер башкармалыгынын тышкы байланыштар жана протокол бөдүмүнүн башчысы -Комиссиянын жооптуу катчысы. |