Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 1-сентябры № 366-б
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-февралындагы № 46-б буйругунуна редакциясына ылайык)
"Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын жаны Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын жаңы Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу 2015-жылдын 1-апрелине чейин "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жиберсин.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-февралындагы № 46-б буйругунуна редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте "Салыктык эмес төлөмдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топко белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга укук берилсин.
5. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-сентябрындагы № 366-б буйругуна тиркеме
|
"Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын жаны Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы
Азимов Алмазбек Курбаналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Касымалиев Адылбек Алешович
| - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары. ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Дооталиев Улан Тимурович | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөсү; |
| |
Уезбаев Улан Калмурзаевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; |
| |
Айдралиева Расым Шаршекеевна
| - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын. төрагасынын орун басары; |
| |
Кадыркулов Мукай Асанович
| - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын торагасынын биринчи орун басары; |
| |
Рыскулов Улан Дуулатович
| - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
| |
Рустамов Абдыкалык Алибекович
| - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
| |
Халитов Михаил Гилфанович
| - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү оз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин орун басары: |
| |
Малабеков Замирбек Толобаевич | - | Бишкек шаарынын биринчи вице-мэринин милдетин аткаруучу (макулдашуу боюнча). |
| |
|
| |||
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-февралындагы № 46-б буйругунуна редакциясына ылайык)