Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 1-сентябры № 369-б
Универсалдуу мезгилдүү сереп жол-жобосу боюнча Кыргыз Республикасынын экинчи Улуттук докладын даярдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 15 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Универсалдуу мезгилдүү сереп жол-жобосуна ылайык Кыргыз Республикасынын экинчи Улуттук докладын даярдоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2014-жылдын 15-сентябрына чейинки мөөнөттө Универсалдуу мезгилдүү сереп жол-жобосуна ылайык Кыргыз Республикасынын экинчи Улуттук докладынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңештин секретариатына берсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин жана көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-сентябрындагы № 368-б буйругуна тиркеме
|
Мамбеталиева Жылдыз Жээнбаевна
| - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Шатенов Айбек Аубекирович
| - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик соттук экспертиза борборунун директорунун орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
|
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Акыев Арзыбек Акыевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы (макулдашуу боюнча); |
Омуракунов Бакытбек Алмазбекович
| - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын башкармасынын улук прокурору (макулдашуу боюнча); |
Джумашев Нурлан Токтобекович
| - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өздүк коопсуздук башкармасынын начальниги; |
Суйуналиева Бурул Шаршеновна
| - | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга жана улгайган жарандарга социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү боюнча башкармасынын начальниги; |
Ибраева Гульмира Абитовна
| - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин дарылоочу-алдын алуучу жардам бөлүмүнүн башчысы; |
Сарыбаев Чынгыз Абдусатарович
| - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин качкындар менен иштөө боюнча бөлүмүнүн башчысы; |
Орозалиев Самат Сабырбекович | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин юридика секторунун башчысы; |
Тыныбеков Бакнур Тыныбекович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин өкүлү; |
Айтбаева Медина Тарэльевна
| - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин биринчи секретари; |
Колопов Ильяс Сексебаевич
| - | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча башкармасынын башкы адиси; |
Исраилова Айгуль Аманатовна
| - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин укуктук камсыздоо башкармасынын башкы адиси; |
Мамбетова Салтанат Сталбековна
| - | Кыргыз Республикасынын Билим беруү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектепте жана мектептен сырткары билим берүү башкармасынын жетектөөчү адиси; |
Эгембердиева Каныкей Кадырбековна
| - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизалоо боюнча башкармасынын жетектөөчү адисинин милдетин аткаруучу; |
Бакасов Султан
| - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы; |
Маданбеков Нурбек Туратбекович
| - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармасынын юридика бөлүмүнүн инспектору; |
Исаева Гульназ Конурбаевна
| - | Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын укуктук камсыздоо жана кадр кызматынын башкы адиси (макулдашуу боюнча). |