Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 4-сентябры № 379-б
1. Астана шаарында 2003-жылдын 25-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык автомобиль катнашы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жогоруда аталган Протоколдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-майындагы № 191-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Казакстан Республикасынын Өкмөтү,
2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык автомобиль катнашы жөнүндө макулдашуунун (мындан ары -Макулдашуу) 19-беренесин жетекчиликке алып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
Макулдашуунун 5-беренеси төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
1. Автоунаа каражаттары менен жүктөрдү ташуулар уруксаты жок ишке ашырылат:
1) эки Тараптын мамлекеттеринин ортосунда;
2) эки Тараптын мамлекеттеринин аймагы боюнча транзит менен.
2. Айырмалуу белгилери жок, убактылуу (транзиттик) каттоо номерлүү бош автоунаа каражаттарын белгиленген жерге жеткирүүдө да уруксат талап кылынбайт.
3. Экинчи Тараптын мамлекетинин аймагынан үчүнчү мамлекеттин аймагына жана үчүнчү мамлекетгин аймагынан экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына жүктөрдү ташуу экинчи Тараптын мамлекетинин компетенттүү органынан алынган уруксаттын негизинде аткарылат.
Эгерде эки Тараптын мамлекеттери катышкан башка эл аралык келишимдерде үчүнчү Өлкөнүн аймагына/аймагынан экинчи Тараптын аймагына жүктөрдү ташууну ишке ашыруунун башка тартиби белгиленсе, анда мындай ташуулар ошол эл аралык келишимдердин негизинде жүргүзүлөт.".
Макулдашуунун 10-беренесинин 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Айдоочуларда өзү башкарган унаа каражаттарынын категорияларына тиешелүү улуттук же эл аралык айдоочунун күбөлүгү жана автоунаа каражатына улуттук каттоо документтери болушу керек.
Айырмалуу белгилери жок, убактылуу (транзиттик) каттоо номерлүү бош автоунаа каражаттарын дайындалган жерге жеткирген учурда айдоочуларда мындай автоунаалык каражаттарга убактылуу каттоо документтери болушу керек.".
Бул Протокол, анын күчүнө кириши учун зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнү дипломатиялык каналдар боюнча алган күндөн баштап күчүнө кирет.
_________________ шаарында 2014-жылдын «______» ____________________ кыргыз, казак жана орус тилдеринде, ар бири эки нускада түзүлдү. Бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн
| Казак Республикасынын Өкмөтү үчүн
|