Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 8-сентябры № 382-б
Кыргыз Республикасынын Талас облусунун түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгына байланыштуу, «Кыргыз Республикасындагы юбилейлик иш-чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2014- жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын Талас облусунун түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү жөнүндө сунушу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Талас облусунун түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин (мындан ары - уюштуруу комитети) курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Уюштуруу комитета Кыргыз Республикасынын Талас облусунун түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин.
4. Мааракелик иш-чараларды каржылоо демөөрчүлүк каражаттардын жана башка материалдык түшүүлөрдүн эсебинен жүргүзүлсүн.
5. Министрликтер, административдик ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Талас облусунун түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-сентябрындагы № 382-б буйругуна тиркеме |
Сарпашев Тайырбек Дуйшекеевич | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Курманалиева Койсун Аблабековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Бокоев Кенжебек Сатымкулович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Жумабеков Дастан Артиспекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Тербишалиев Данияр Өмүрзакович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Султанов Калыкбек Иманалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри; |
Айдаралиев Таалайбек Алимбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министри; |
Алымкулов Алисбек Төлбашиевич | - | Кыргьп Республикасынын Эмгек миграция жана жаштар министри; |
Казаков Болсунбек Кумушбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору; |
Эргешов Кадырбек Кочкорович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору; |
Султанов Алымбай Алымбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы; |
Абдылдаев Шералы Итибаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы; |
Сатывалдиев Калыбек Ажибекович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары; |
Бектеналиев Мукталы Абдыбекович | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары; |
Нусувалиев Орозбек Токталиевич | - | Кыргыз Республикасынын "Бишкек" ЭЭАнын башкы директору; |
Болотканов Кубатбек | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
Момбеков Рыскелди | - | "Учкун" акционердик коомунун директору; |
Садык Шер-Нияз | - | "Айтыш" фондусунун төрагасы, анимациялык киностудиянын директору (макулдашуу боюнча); |
Алканов Райкан | - | коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
Мураталиев Байымбет Молдалиевич | - | коомдук ишмер (макулдашуу боюнча). |