Редакцияот 06.11.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2012-жылдын 6-ноябры № 840

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-апрелиндеги № 131 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңеш жөнүндө" токтомуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңеш төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, Кеңештин катчысы;

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын коргоо министри;

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;

Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;

Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 3-октябрындагы № 765 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

 

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев