Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 8-сентябры № 386-б
Кыргыз Республикасынын алтын казуу тармагында Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы өз ара кызматташуу маселелерин ар тараптан кароо максатында:
1. Маселелерди ар тараптан кароо боюнча кыргыз бөлүгүнүн ведомстволор аралык жумушчу тобу тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ зарыл болгон эки тараптуу жолугушууларды жана жыйындарды өткөрсүн жана жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилери жумушчу топтун суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматтарды беришсин жана анын ишине көмөк көрсөтүшсүн.
4. Жумушчу топ мамлекеттик органдардын адистерин жана көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
5. «Кыргызалтын» ачык акционердик коомуна жумушчу топтун ишин уюштуруу-техникалык жактан камсыз кылуу милдети жүктөлсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жана өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-сентябрындагы № 386-б буйругуна тиркеме |
Касымалиев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы; |
Зилалиев Д.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын орун басары. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Мамбеталиева Ж.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; |
Шаршеналиев Б.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары; |
Алимбеков A.M. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун- энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Акматалиев А.И. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жаратылыш ресурстары саясаты башкармалыгынын начальниги; |
Кочкоров А.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын начальниги; |
Исабаева А. А. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин экономика тармактарынын чыгымдарын пландоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси; |
Асанов А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы; |
Кулова Н.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин тышкы экономикалык байланыштар боюнча бөлүмүнүн башчысы; |
Шакиров К.А. | - | «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Глухов Г.А. | - | «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун тышкы экономикалык байланыштар жана инвестициялар бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча). |