Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 551 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 11-сентябры№ 390-б
Мамлекеттик менчикти башкаруунун натыйжалуу тутумун түзүү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында аныкталган максаттарды жана милдеттерди практика жүзүндө ишке ашырууну камсыз кылуу максатында:
1. Мамлекеттик менчикти башкаруу тутумун реформалоо боюнча комплекстүү сунуштарды иштеп чыгуу тууралуу ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ 2014-жылдын 1-октябрына чейин узак мезгилге Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти башкаруу концепциясынын долбоорун жана аларды ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Жумушчу топко министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомстволордун, мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин, окумуштууларды, практик-адистерди, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жумушчу топтун ишине көмөк көрсөтүшсүн.
5. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жүктөлсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-сентябрындагы № 390-б буйругуна тиркеме |
Мамлекеттик менчикти башкаруу тутумун реформалоо боюнча комплекстуу сунуштарды иштеп чыгуу тууралуу ведомстволор
аралык жумушчу топтун курамы
Касымалиев Адылбек Алешевич | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Уметалиев Нурбек Сейдакматович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин мамлекеттик менчик саясаты башкармалыгынын начальниги, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Калматов Нурбек Тойгонбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мулкту башкаруу боюнча фонддун статс-катчысы; |
Пирназаров Марат Туголбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; |
Чолпонкулов Марат Абжалбекович | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин электр энергиясын бөлүштүрүү бөлүмүнүн начальниги; |
Усеналиева Назира Сагындыковна | - | Кыргыз Республикасынын вице - премьер-министринин коомдук негиздеги кеңешчиси; |
Сатарова Эльдана Таалайбековна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин менчиктештирүү саясатын иштеп чыгуу жана мамлекеттик мүлктү башкаруу бөлүмүнүн башчысы; |
Халмурзаев Асылбек Урбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун чарба коомдору менен иштөө боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Мурзаев Жоомарт Алымбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун мониторинг жана мамлекеттик ишканалар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы; |
Жакыбалиев Адилет Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун региондор менен иштөө боюнча бөлүмүнүн башчысы; |
Алкадьфова Чолпон Муратбековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы байкоочу кенештин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Ниязов Назар Абилезимович | - | «Кыргыз фондулук биржасы» ЖАКнын президентинин милдетин аткаруучу (макулдашуу боюнча); |
Дусумбаев Нурлан Джапсарбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын экономика, стратегиялык өнүктүрүү жана тарифтик саясат башкармалыгынын начальниги; |
Кулубаева Эльвира Калмуратовна | - | «РСК Банк» ачык акционердик коомунун финансы-аналитикалык бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча); |
Ордокова Айгуль Ибраевна | - | «Айыл Банк» ачык акционердик коомунун бизнести өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги; |
Максутов Нурбек Бекболотович | - | Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
Атабеков Мирлан Токтобекович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин инвестицияларды стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси; |
Усупбаев Темирбек Абулмеизович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын сапат жана эмгекти ченемге салуу бөлүмүнүн башкы адиси; |
Торалиев Азамат Турусбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департаментинин мониторинг процесстери бөлүмүнүн башкы адиси; |
Жусупов Нурмухамед Усенакунович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун эсепке алуу, инвентаризациялоо жана реестр башкармалыгынын башкы адиси; |
Бекташев Кусубак Толобаевич | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин кооперацияны жана илимди өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; |
Мадумаров Аскат Эркинович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин менчиктештирүү саясатын иштеп чыгуу жана мамлекеттик мүлктү башкаруу бөлүмүнүн адиси; |
Югай Лариса Вигентьевна | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун илимий кызматкери; |
Ибрагимов Сергей Васильевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын укуктук коштоо бөлүмүнүн башкы адиси; |
Сабиров Нурбек Нурканович | - | «Kalikova&Associates» юридикалык компаниянын улук юристи; |
Залепо Андрей Владимирович | - | Бириккен Улуттар Уюмунун программасынын эксперттик эксперти (макулдашуу боюнча). |
Элебаев Нурбек Беккулович | - | «Корпоративдик башкаруу мектеби» коомдук фонду долбоорунун менеджери (макулдашуу боюнча); |
АкуловаТатьяна Викторовна | - | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр палатасынын палата мүчөлөрү менен иштөө боюнча бөлүмдүн кызматкери. |