Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 16-сентябры № 396-б
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 166-б буйругунун редакциясына ылайык)
"Токтогул ГЭСин реабиличациялоо II фаза" долбоору боюнча Азия өнүктүрүү банкы жана Евразия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда тузулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-сентябрындагы № 396-б буйругуна тиркеме |
"Токтогул ГЭСин реабилитациялоо II фаза" долбоору боюнча Азия өнүктүрүү банкы жана
Евразия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын
курамы
Турдубаев Кубанычбек Апышевич | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри, расмий делегациянын жетекчиси; |
Скрипкина Галина Анатольевна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсу (макулдашуу боюнча); |
Домшенко Олег Леонидович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Дыйканбаев Курманбек Сапарович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Калиев Айбек Рыспекович | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; |
Байгончоков Мирланбек Конушбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Дооталиев Улан Тимурович | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; |
Жакыпов Кылычбек Джумадилович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Турганбаев Толон Самудинович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин интеграциялык бирикмелер департаментинин директорунун орун басары; |
Абдыбеков Азаматбек | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мулкгу башкаруу боюнча фонддун тврагасынын орун басары; |
Толубаев Таалайбек Матмусаевич | - | "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча). |
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 166-б буйругунун редакциясына ылайык)