Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-октябры №470-б буйругуна ылайык)
2014-жылдын 15-сентябры № 395-б
Спирт жана арак продукциясын өндүрүү, жүгүртүү системасын реформалоо боюнча абалды изилдөө үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 15-беренелерине ылайык:
1. Спирт жана арак продукциясын өндүрүү, жүгүртүү системасын реформалоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары -жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда тузулсун.
2. Жумушчу топ бир айлык мөөнөттө спирт жана арак продукциясын өндүрүү, жүгүртүү системасын реформалоого байланыштуу абалды изилдеп жана маселени жөнгө салуу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Жумушчу топко зарыл болгон учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жана мамлекеттик бийликтин башка органдарынын кызматкерлерин жумушка тартууга уруксат берилсин.
4. Жумушчу топтун ишин уюштуруу, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышьш контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр комплекси жана экология бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 395-б буйругуна тиркеме |
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-октябры №470-б буйругуна ылайык)
Диль Валерий Исидорович | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы; |
Чодуев Эркинбек Урайымович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын орун басары; |
Кумашов Кубанычбек Арстанбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын орун басары. |
Сагындыков Арстанбек Сагындыкович | - | «Карабалта спирт заводу» мамлекеттик ишканасынын директору |
Жумушчу топтун мучөлөрү:
Султанов Талант Исакович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөвлөр институтунун директору; |
Асылбеков Жумабек Асылбекови | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин азык-тулук коопсуздугу жана агромаркетинг башкармасынын начальниги; |
Айдаралиев Куван Исагалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин бажы жана салык саясаты башкармасынын начальниги; |
Ниязалиев Замир Узакови | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажы төлөмдөрү башкармасынын начальниги; |
Закирова Айгуль Демократовн | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияларды өндүрүү, жүгүртүүнү контролдоо башкармасынын начальнигинин орун басары; |
Ботоев Атанбек | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин кайра иштетүүчү өнөр жай жана агромаркетинг бөлүмүнүн башчысы; |
Курманбекова Мээрим | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун илимий кызматкери; |
Куренкеев Турсунбек Джусупбекович | - | Алкоголдуу продукцияны өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президента (макулдашуу боюнча); |
Кунакунов Акылбек | - | Алкоголдуу продукцияны өндүрүүчүлөрдүн, экспорттоочулардын жана импорттоочулардын ассоциациясынын президента (макулдашуу боюнча); |
Кулов Темирбек | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Казакбаев Оомат | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча). |
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |