Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 12-сентябры № 393-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басарына жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна принциптуу эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтү,
Тараптардын чарбакер субъектилеринин соода, инвестициялык жана финансылык мамилелерин тереңдетүүдө жана кеңейтүүдөгү өз ара кызыкчылыктарга ылайык,
Кыргыз Республикасын туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн кошумча финансы ресурстарын мобилизациялоо зарылдыгын көңүлгө алуу менен,
2014-жылдын 29-майындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразиялык экономикалык интеграциянын шарттарында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө макулдашуунун 2-беренесин жетекчиликке алып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
Тараптар өзүнүн ишин ушул Макулдашууга тиркелген жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган Уставдын жоболоруна (1-тиркеме) ылайык жүзөгө ашыруучу Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фондун (мындан ары - Фонд) түзүшөт.
Фонддун штаб-квартирасы Бишкек шаарында (Кыргыз Республикасы) жайгашкан.
Фонддун Кеңеши жана Фонддун Башкармасы Фондду башкарат.
Фонд Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы экономикалык кызматташтыкка көмөк көрсөтүү, Кыргыз Республикасынын экономикасын модернизациялоо жана өнүктүрүү, евразиялык экономикалык интеграцияга тараптардын катышуусу менен шартталган мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу максатында түзүлгөн.
Фонддун милдеттери, функциялары, түзүмү жана иштөө тартиби, ошондой эле анын башкаруу органдарынын компетенциялары жана ыйгарым укуктары Устав менен аныкталат.
Фонд Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жана өз ишин жүргүзүүчү чарбакер субъектилер менен мамилелерде карыз берүү, капиталга катышуу жана башка финансылык шаймандарды пайдалануу жолу менен Кыргыз Республикасынын артыкчылыктуу экономика секторлорунда өзүн актоочу долбоорлорду каржылоону ишке ашырат, анын ичинде төмөнкү тармактарда:
- агроөнөр жай комплексинде;
- тигүү жана текстиль өнөр жайында;
- иштетүүчү өнөр жайында;
- кен казуучу жана металлургия өнөр жайында;
- транспортто;
- турак жай курулушунда;
- соодада;
- ишкердикти өнүктүрүүдө;
- инфраструктураны өнүктүрүүдө.
Фонд эл аралык уюмдар жана башка финансылык институттар менен кызматташат жана Фонд тарабынан колдоого алынуучу долбоорлор боюнча техникалык көмөк көрсөтөт.
Фонддун уставдык капиталы 500 000 000 (беш жүз миллион) АКШ долларына эквиваленттүү сумманы түзөт. Уставдык капиталга төгүм АКШ долларында жана/же россия рублинде төмөнкү тартипте киргизилет.
АКШ долларындагы жанаУже россия рублиндеги 100 000 000 (жуз миллион) АКШ долларына эквиваленттүү сумма Россия тараптан ушул Макулдашууга кол коюлгандан кийин 2014-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы атайын эсепке которулат. Бул эсепке которулган каражаттарды пайдалануу тартиби жана шарттары, ошондой эле режими Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ортосундагы макулдашууда аныкталат.
400 000 000 (төрт жүз миллион) АКШ долларына эквиваленттүү АКШ долларындагы жана/же россия рублиндеги сумма ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган № 2 тиркемеде келтирилген графикке ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы Фонддун эсебине киргизилет
Фонд эл аралык укуктун субъектиси катары эл аралык укуктук жөндөмдүүлүккө ээ болот.
Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында Фонд анын максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу үчүн зарыл болгон укук жөндөмдүүлүгүн пайдаланат.
Фонд юридикалык жактын укуктарын пайдаланат, анын ичинде төмөнкүлөрдү аткара алат:
келишимдерди түзүү;
кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алуу жана өзүнүн ишин камсыздоо үчүн аларды тескөө;
эсептерди ачуу жана акча каражаттары менен операцияларды жүргузүү. Фонд жыл сайын Тараптарга Фонддун максаттарга жетүүсүнө багытталган иш-чараларды ишке ашыруу жана милдеттерди аткаруу жөнүндө отчет тапшырат.
Фонддун иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразиялык экономикалык интеграциянын шарттарында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы макулдашуунун тийиштуу жоболору, ушул Макулдашуу, Фонддун Уставы, эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган ченемдери, колдонулуучу эл аралык келишимдер, Фонддун башкаруу органдарынын компетенциясына ылайык кабыл алынган документтери менен жөнгө салынат.
Тараптардын мамлекеттеринин колдонулуучу мыйзамдары, ушул Макулдашууга карама-каршы келбеген бөлүмүндө Фондго карата колдонулат.
Тараптардын мамлекеттеринин аймагындагы Фонддун иши колдонулуучу эл аралык келишимдер, макулдашуулар, Устав, Фонддун Тараптар менен, Фонддун Тараптарынын башка ыйгарым укуктуу органдары менен алардын аймагына келүү шарттары жөнүндө түзүлгөн макулдашуулар менен аныкталат, ал эми алар жок болгон же болбосо аталган документтер менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө - мындай иштер аткарылган мамлекеттин улуттук мыйзамдары менен жөнгө салынат. Макулдашуунун Тараптарынын мамлекеттеринин уюмдун ишин түзүү, лицензиялоо, жөнгө салуу жана токтотуу тартибин белгилөөчү мыйзамдарынын жоболору Фондго карата колдонулбайт.
Фонд, анын кирешелери, мүлкү жана башка активдери, ошондой эле анын ушул Макулдашууга ылайык ишке ашырылуучу операциялары жана бүтүмдөрү Фонддун уюмдаштыруучуларынын мамлекеттеринин аймагында бардык салыктардан, анын ичинен киреше салыгынан, жыйымдардан жана алымдардан жана башка бюджетке милдеттүү төлөмдөрдөн бошотулат, буга Фонддун кардарларында жана контрагенттеринде Фонд менен операциялары жүргүзүүгө жана бүтүмдөрдү түзүүгө байланыштуу пайда болгондор кирбейт.
Фонд тарабынан чыгарылган каалагандай баалуу кагаздарга же милдеттенмелерге, ошондой эле ээси ким экендигине карабастан аларга эсептелген дивидендцерге жана пайыздарга Фонддун уюмдаштыруучуларынын мамлекеттеринде эч кандай салык салынбайт.
Бул Макулдашууга Тараптардын макулдугу боюнча анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр киргизилиши мумкун.
Бул Макулдашуунун жоболорун колдонуу же чечмелөө менен байланышкан кайчы-пикирлер жана талаш-тартыштар Тараптардын ортосундагы консультациялар жана суйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салынат.
Бул Макулдашуу ага кол коюлган күндөн баштап 30 күн бою убактылуу колдонулат жана анын кучунө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы кабарлоону дипломатиялык каналдар боюнча алган күндөн баштап күчүнө кирет.
_______________ шаарында 2014-жылдын "______" _______________ эки нускада, ар бири орус тилинде түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн ___________________________ | Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн __________________________ |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фонду жонүндө макулдашууга 1-тиркеме |
Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фонду (мындан ары - Фонд) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык интеграция шартында экономикалык кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы макулдашууга (мындан ары - 2014-жылдын 29-майындагы Макулдашуу), Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фонду жөнүндө 2014- жылдын "______" ____________ макулдашууга (мындан ары - Макулдашуу) жана ушул Уставга ылайык уюмдаштырылган жана алардын негизинде колдонулат.
Устав Макулдашуунун ажырагыс белугу болуп саналат.
Фонддун уюмдаштыруучулары болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Россия Федерациясынын Өкмөтү (мындан ары - "Тараптар") эсептелет.
1. Фонддун толук аталышы:
кыргыз тилинде: «Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду»;
орус тилинде: «Кыргызско-Российский Фонд развития»;
англис тилинде: «Kyrgyz Russian Development Fund».
Кыскартылган аталышы:
кыргыз тилинде: «КРӨФ»
орус тилинде: «КРФР»
англис тилинде: «KRDF»
2. Фонддун жайгашкан жери: Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы.
3. Фонддун жумушчу жана расмий тили болуп орус тили эсептелет.
1. Фонд эл аралык уюм - эл аралык укуктук субъект болуп саналат, эл аралык укуктук жөдөмдүүлүкке ээ жана өзүнүн компетенциясынын чектеринде эл аралык келишимдерди түзүүгө укуктуу.
2. Фонд юридикалык жактардын укуктарына ээ, анын ичинде:
а) Фонддун Уставына каршы келбеген каалагандай бүтүмдөрдү түзөт;
б) кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага алат, сатып алат жана ээликтен ажыратат, ошондой эле өзүнүн ишин камсыздоо учун аталган мүлктү башка жолдор менен тескейт;
в) банктык эсептерди ачат жана акча каражаты менен операцияларды жүргүзөт.
3. Фонд өзүнүн уюмдаштыруучуларынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, ал эми Фонддун уюмдаштыруучулары Фонддун милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
4. Фонддун операцияларына таандык болбогон Тараптардын милдеттенмелерин Фонддун каражатынын эсебинен аткарууга жол берилбейт. Фонддун каражаттары Фонддун операцияларына таандык болбогон Тараптардын милдеттенмелерин аткаруу эсебине үчүнчү жактын талабы боюнча мажбурлап алууга мүмкүн эмес.
5. Фонд ушул Уставга ылайык Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын аймагында филиалдарды жана/же өкүлчүлүктөрдү ачууга укуктуу.
1. Фонд Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы экономикалык кызматташтыкка көмөк көрсөтүү, Кыргыз Республикасынын экономикасын модернизациялоо жана өнүктүрүү, евразиялык экономикалык интеграцияга Тараптардын катышуусу менен шартгалган мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу максатында түзүлгөн.
2. Белгиленген максатка жетишүү үчүн Фонд:
1) Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу секторлорундагы өзүн актоочу долбоорлорду кредиттөөнү ишке ашырат;
2) Кыргыз Республикасында катталган жана өзүнүн ишин жүргүзүүчү чарбакер субъектилердин капиталына катышат;
3) Кыргыз Республикасында катталган жана өзүнүн ишин жүргүзүүчү чарбакер субъектилерге ылайыктуу финансылык шарттардагы орто жана узак мөөнөттүү, атап айтканда бул кредиттерди кайтарып берүүнүн салыштырмалуу мөөнөттөрүндө орто рыноктун төмөнкү чендери боюнча кредиттерди алууга көмөк көрсөтөт;
4) Кыргыз Республикасынын экономикасынын финансы секторун, анын ичинде Фонддун каражаттарын алуучу субъекттер тарабынан финансылык кызматтардын жаны турлөрүн жана продуктуларды ишке киргизүүгө көмөк көрсөтүүгө катышат;
5) корпоративдик башкаруунун заманбап методдорун анын өнөктөштөрү жана кардарлары тарабынан пайдалануусуна көмөк көрсөтөт;
6) Тараптар менен биргеликте аныкталуучу башка милдеттерди чечет.
1. Фонд өзүнүн ишинин максаттарына жетишүү жана коюлган милдеттерди чечүү үчүн төмөнкү функцияларды аткарат:
1) Фонддун регламенттерине жана жол-жоболоруна ылайык каржылоого карата сунушталган долбоорлорду тандоону жана баалоону жүргүзөт;
2) долбоорлорду, анын ичинде юридикалык жактардын капиталына катышуу жолу менен каржылоону ишке ашырат;
3) долбоорлорду ишке ашыруу учун кредиттик уюмдарды тандоо жана каржылоо шарттарын аныктайт;
4) Фонд тарабынан каржылануучу же анын катышуусундагы долбоорлорду ишке ашыруунун мониторингин жүргүзөт;
5) кредиттерди тартат, ошондой эле Фонддун саясатына ылайык улуттук жана эл аралык финансылык рынокторго облигациялык зайымдарды жана башка карыздык кагаздарды жайгаштырат;
6) Фонддун саясатына ылайык убактылуу эркин каражаттарды жайгаштырат;
7) Кыргыз Республикасынын аймагында долбоорлорду ишке ашыруу максатында эл аралык уюмдар, корпорациялар жана институттар менен өз ара аракеттенет;
8) финансылык жана инвестициялык консалтинг кызматтарын көрсөтөт;
9) Макулдашууда жана ушул Уставда аныкталган Фонддун максаттарына карама-каршы келбеген башка иштерди ишке ашырат.
Фонддун каражаттары төмөнкүлөр болуп эсептелет:
а) Фонддун Уставдык капиталына салынган төгүмдөр;
б) Фонддун убактылуу эркин каражаттарын жайгаштыруудан (инвестициялоодон) түшүүлөр;
в) Россия Федерациясы камсыздоочу карыз каражаттар;
г) Фонддун каражаттарын кайтарымдуулук негизинде жана инвестицияларды берүүдөн түшүүлөр;
д) Фондго кайрымдуулуктар;
е) Фондго башка түшүүлөр;
2. Фонддун уставдык капиталына төгүмдөр АКШ долларында жана/же россия рублинде 500 000 000 (беш жүз миллион) АКШ долларына эквиваленттүү сумманы түзот.
Уставдык капиталга төгүм Россия Федерациясы тарабынан төмөнкүдөй тартипте жүзөгө ашырылат:
а) АКШ долларындагы жана/же россия рублиндеги 100 000 000 (жүз миллион) АКШ долларына эквиваленттүү сумма Фонддун пайдасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууга жана ушул Уставга кол коюлгандан кийин 2014-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы атайын эсепке киргизилет.
б) 400 000 000 (терт жүз миллион) АКШ долларына эквиваленттүү АКШ долларындагы жана/же россия рублиндеги сумма Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган графикке ылайык (№ 2 тиркеме) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы Фонддун эсебине киргизилет.
4. Россия Федерациясы 2014-жылдын 29-майындагы макулдашуу күчүнө кирген кунден баштап эки жылдын ичинде Дүйнөлүк банктын тобунун Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы сунуштаган шарттарда жана Тараптар тарабынан аныкталган тартипте АКШ долларындагы жана/же россия рублиндеги 500 000 000 (беш жуз .миллион) АКШ долларына эквиваленттүү өлчөмдөгү зайымдык каражаттарды Фондго берүүнү камсыздайт.
Ушул берененин 4-пунктунда аталган зайымдык каражаттардан тышкары Фонд Дуйнелук банктын тобунун Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясьшын кредиттеринин финансылык шарттары менен бирдей шарттарда башка булактардан зайымдык каражаттарды тартууга укуктуу.
Фонддун пайдасы (чыгашасы) Финансы отчеттуулугунун эл аралык стандарттарына ылайык финансылык жылдын жыйынтыктары боюнча аныкталат.
7. Фонддун пайдасы Фонддун уставдык максаттарына багытталат.
8. Фонддун долбоордук ишин жүзөгө ашырууга байланышкан мүмкүн болуучу чыгашаларды өз убагында жабуу үчүн Фонд атайын резервдерди түзөт. Аларды түзүүнүн тартиби жана өлчөмү башкаруу органдары тарабынан алардын компетенциясына ылайык аныкталат.
Тараптардын ортосундагы, ошондой эле Фонддун башкаруу органдары менен Тараптардын өз ара аракеттенүүлөрүн камсыздоо үчүн уюмдаштыруучулар компетенттүү органдарды аныкташат жана бул тууралуу бири-бирине дипломатиялык каналдар боюнча кабар беришет.
Башкаруу органдарынын ушул Уставда белгиленген компетенциясынын алкагында чечилбей турган Фонддун ишине тиешелүү маселелер компетенттүү органдар аркылуу уюмдаштыруучулардын кароосуна берилет.
1. Фондду башкарууну Фонддун кеңеши жана Фонддун башкармасы жүзөгө ашырат.
2. Фонддун Кеңеши стратегиялык башкарууну жүзөгө ашыруучу Фондду башкаруунун жогорку органы болуп саналат. Фонддун Кеңешинин курамына Кыргыз Тараптан 2 өкүл жана Россия Тараптан 3 өкүл кирет. Фонддун кеңешинин терагасы Россия Федерациясынын Өкмөтү тарабынан дайындалат. Фонддун Кеңешинин төрагасы кыргыз тараптан Фонддун кеңешинин мүчөсүнүн бирин өзүнүн орун басары кылып дайындайт.
3. Фонддун Кеңеши өзүнүн жыйынын зарылдыгына жараша, бирок бир жылда кеминде үч жолу өткөрөт. Фонддун Кеңешинин кезексиз жыйыны Фонддун Башкармасынын же анын Төрагасынын, Фонддун Кеңешинин Терагасынын демилгеси менен» ошондой эле Тараптардын биринин демилгеси менен чакырылат. Фонддун Кеңешинин жыйыны эгер ага Фонддун Кеңешинин бардык мүчөлөрү катышса укуктуу болуп саналат.
4. Фонддун Башкармасы Фонддун туруктуу иштеген коллегиялык аткаруучу органы болуп саналат. Фонддун Башкармасынын курамына кыргыз Тараптан 3 өкүл жана россия Тараптан 2 өкүл кирет.
5. Тараптар Фонддун Кеңешиндеги жана Фонддун Башкармасындагы өздөрүнүн өкүлдөрүн өз алдынча дайындайт жана бошотот. Фонддун Башкармасынын Төрагасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан [3 жылдык] мөөнөткө дайындалат. Фонддун Башкармасынын Төрагасы Россия тараптан Фонддун Башкармасынын мүчөлөрүнүн бирин өзүнүн орун басары кылып дайындайт.
6. Фонддун Башкармасынын мүчөлөрү өз ишин Фонддун Кеңеши бекиткен Фонддун бюджетинин чегинде акы төлөмө негизде жузөгө ашырат.
1. Фонддун Кеңешинин компетенциясына төмөнкү ыйгарым укуктар кирет:
а) Фонддун уставдык капиталын кебейтүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
б) Фонддун Башкармасынын Төрагасынын жана мүчөлөрүнүн сый акысынын өлчөмүн аныктоо;
в) Фонддун уюштуруу түзүмүн, Фонддун кызматкерлеринин штаттык санын жана эмгек акы төлөөнүн чектик өлчөмүн бекитүү;
г) Фонддун Башкармасынын жылдык отчетун, аудитордук корутундуну эске алуу менен Фонддун финансылык отчеттуулугун бекитүү;
д) Фонддун каражатынын эсебинен каржылануучу операциялардын натыйжалуулугу тууралуу Фонддун Башкармасынын отчетун кароо;
е) Фонддун кезектеги финансы жылына бюджетин жана финансылык планын бекитүү;
ж) Фонддун тышкы аудиторун шайлоонун тартибин жана Фонддун тышкы аудиторунун өзүн, ошондой эле ички аудит кызматынын ишинин тартибин бекитуу;
з) Фонддун каражаттарын административдик башкаруу жана тескөө боюнча Фонддун Башкармасынын ишин көзөмөлдөөнү ишке ашыруу;
и) эл аралык кызматташтык жаатында Фонддун артыкчылыктарын аныктоо жана эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
к) Тараптардын аймагында филиалдарды жана/же өкүлчүлүктөрдү ачуу тууралуу чечимдерди кабыл алуу;
л) эсепке алуу саясатын бекитүү;
м) Фонддун инвестициялык, кредиттик жана заемдук саясатын бекитүү;
н) 10 000 000 (он миллион) АКШ долларынан ашык суммага инвестициялоо же кредиттөө үчүн Фонддун Башкармасы тарабынан сунушталган долбоорлорду кароо жана бекитүү;
о) Фонддун Кенешинин иш регламентин бекитүү;
п) Инвестициялык жана кредиттик иштерди ишке ашыруу учун зарыл болгон комитеттерди тузүү, иштөө тартибин жана шарттары жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
р) Фонддун ишин токтотуп туруу жана/же токтотуу жөнүндө сунушту Фонддун уюмдаштыруучусуна берүү;
с) Макулдашууга жана ушул Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды Фонддун уюмдаштыруучусуна берүү;
т) Фонддун ишин убактылуу токтотуп туруу жана/же токтотуу демилгеси тууралуу чечим кабыл алуу;
у) Ушул Уставга ылайык Фонддун Кеңешине жүктөлүүчү башка маселелерди чечүү.
2. Фонддун Кеңеши Фонддун Кеңешинин мүчөлөрү тарабынан добуш берүүдө тиешелүү ыйгарым укуктардын болуусун талап кылган маселелерди кошпогондо, айрым маселелер боюнча ыйгарым укуктарды Фонддун Башкармасына берүүгө укуктуу.
3. Фонддун Башкармасынын төрагасы менен түзүлгөн контрактка Фонддун Кеңешинин төрагасы же анын жазуу жүзүндөгү тапшырмасы боюнча Фонддун Кеңешинин мүчөсү кол коёт.
1. Фонддун кеңешинин ар бир мүчөсү бир добушка ээ. Добуш берүү боюнча ыйгарым укуктарды башка адамдарга берүүгө Тараптардын компетенттүү органдары тарабынан мындай берүүлөр тастыкталган шарггарда жол берилет.
2. Ушул Уставдын 9-беренесинин 1-пунктундагы "а", "е", "и", "к", "м", "о", "с", "т" иунктчаларында каралган маселелер боюнча Фонддун Кеңеши бир добуштан (консенсус менен) чечим кабыл алат.
3. Бир добуштан чечим кабыл алууну талап кылган маселелер боюнча Фонддун Кеңешинин мүчөлөрү тийиштуу ыйгарым укуктарга жана/же Тараптардын чечимине ээ болууга тийиш, мында добуш берүү боюнча ыйгарым укуктарды башка адамдарга өткөрүп берүүгө жол берилбейт.
4. Фонддун ишинин калган маселелери боюнча чечимдер Фонддун Кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын копчулугунун добушу менен Фонддун Кеңеши тарабынан кабыл алынат.
5. Фонддун Кеңеши Фонддун кенешинин мүчөлөрүн жазуу жүзүндө сырттан сурамжылоо жолу менен добуш берүүгө укуктуу. Мындай чечимдер Фонддун Кеңешинин жыйынынын протоколдору менен таризделет жана Фонддун Кеңешинин мүчөлөрүнө таратылат.
1. Фонддун Башкармасынын иши Фонддун Кеңеши тарабынан регламенттелет. Фонддун Башкармасы өз ишин жүзөге ашырууда ушул Уставды жана Фонддун Кенешинин чечимдерин жетекчиликке алат.
Фонддун Башкармасы Фонддун Кеңешине отчет берет.
2. Фонддун Башкармасынын компетенциясына томенкудей маселелер кирет:
а) инвестициялык, кредиттик, заемдук жана эсепке алуу саясатын иштеп чыгуу жана Фонддун Кенешине бекитүүгө киргизүү;
б) Фонддун ишиндеги башка саясатты жана программаларды иштеп чыгуу жана бекитуу, Фонддун ишинин стратегиялык милдеттерин чечүү боюнча сунуштарды даярдоо;
в) Фонддун Кеңешинин жыйындарын даярдоо жана өткөрүү, Фонддун Кеңешине Фонддун Башкармасынын жылдык отчетун, кезектеги финансы жылына финансылык отчеттуулукту, финансылык планды жана Фонддун бюджетинин долбоорун бекитүүгө берүү;
г) ушул Устав менен Фонддун Кеңешинин ыйгарым укуктарына киргизилген маселелерди кошпогондо инвестициялар жана долбоорлорду каржылоо боюнча чечимдерди кабыл алуу;
д) ушул Устав менен Фонддун Кеңешинин ыйгарым укуктарына киргизилген маселелер боюнча чечимдердин долбоорлорун Фонддун Кеңешинде кароо үчүн даярдоо;
е) каражаттарды жайгаштыруу жана тартуу боюнча тиешелүү сунуштарды кабыл алуу, өтүмдүүлүктү жана пайда алууну колдоо максатында Фонддун активдеринин жана пассивдеринин сарамжалдуу түзүмдөрүн аныктоо, тобокелдиктерди жана өтүмдүүлүктөрдү контролдоону камсыздоо;
ж) Фонддун кызмат көрсөтүүлөрүнө пайыздык коюмдарды жана тарифтерди бекитүү;
з) Фонддун Башкармасынын компетенциясына таандык Фонддун эрежелерин жана жол-жоболорун бекитүү;
и) ушул Устав менен Фонддун Кеңешинин жана Фонддун Башкармасынын Төрагасынын ыйгарым укуктарына таандык болбогон Фонддун ишине тиешелүү башка маселелер.
3. Фонддун Башкармасынын жыйындары зарылчылыкка жараша, бирок айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Эгерде ага Фонддун Башкармасынын мучелерунун жалпы санынан 4/5тен кем эмеси катышса, жыйын өткөрүлдү деп эсептелет.
4. Ушул берененин 2-пунктунун "е" пунктчасында каралган маселелер боюнча Фонддун Башкармасынын чечимдери бир добуштан консенсус принциби менен кабыл алынат.
5. Ушул берененин 2-пунктунун "г" пунктчасында каралган маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу жол-жобосу ушул Уставга ылайык Фонддун Кеңеши бекитүүчү инвестициялык жана кредиттик саясаттын негизинде Фонддун Башкармасы тарабынан аныкталат.
6. Фонддун Башкармасынын компетенциясына таандык болгон башка маселелер боюнча чечимдер көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
7. Чечимдерди кабыл алуу да Фонддун Башкармасынын ар бир мүчөсү бирден добушка ээ. Добуш берүү боюнча ыйгарым укуктарды башка адамдарга берүүгө жол берилбейт. Фонддун Башкармасынын мүчөлөрү өздөрүнүн сын-пикирлерин жана сунуштарын Фонддун Башкармасынын жыйындарынын протоколдоруна киргизүүгө укуктуу. Фонддун Башкармасынын жыйынынын протоколуна Фонддун Башкармасынын Төрагасы кол коёт.
1. Фонддун Башкармасынын Терагасы ушул Уставда жана Фонддун башкаруу органдары тарабынан аныкталган өзүнүн компетенциясынын жана укуктарынын алкагында Фонддун жана Башкарманын ишине жетекчилик кылат.
2. Фонддун Башкармасынын Терагасы Фонддун атынан чыгат жана төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:
а) ушул Уставда белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде Фонддун атынан (ишеним катсыз) операцияларды жүргүзүүгө жана бүтүмдөрдү түзүүгө;
б) Фонддун атынан чыгууга жана анын кызыкчылыктарын, анын ичинде эл аралык уюмдарда, мамлекеттик бийлик органдарында, башкармалыктарда, соттордо жана башка мекемелерде жана уюмдарда коргоого;
в) Фонддун чарбалык ишине байланышкан жана кредиттик жана инвестициялык ишке байланышпаган бүтүмдөрдү түзүү боюнча жеке чечим кабыл алууга;
г) Фонддун кызматкерлерин кызматка дайындоого жана бошотууга, алардын кызматтык милдеттерин аныктоого;
д) ички аудит кызматынын жеке курамы боюнча сунуштарды киргизүүгө;
е) Фонддун бардык кызматкерлери аткарууга милдеттуу болгон буйруктарды чыгарууга жана көрсөтмөлөрдү берүүгө;
ж) финансылык жана тескөөчү документтерге кол коюуга;
з) ушул Уставдын жоболоруна ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырууга.
3. Фонддун Башкармасынын төрагасы Фонддун Кеңешинин алдында анын чечимдеринин аткарылышы, Фонддун ишинин уюштурулушу жана анын ишинин натыйжасы үчүн жоопкерчилик тартат.
4. Фонддун Башкармасынын төрагасы Фонддун Башкармасынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын жана кызматтык милдеттерин бөлүштүрөт жана Фонддун Башкармасынын ишин уюштурат. Фонддун Башкармасынын төрагасы жок болгон учурда анын функцияларын жана ыйгарым укуктарын анын орун басары аткарат.
1. Фонд, Фонддун Кенешинин, Башкармасынын мүчөлөрү жана кызматкерлери өз иштеринде Фонддун кызыкчылыктарын, анын ушул Уставда каралган максаттарын жана функцияларын гана жетекчиликке алышат.
2. Фонддун эл аралык уюм катары статусун эске алуу менен, Фонддун уюмдаштыруучулары аталган адамдардын кимисине болбосун алардын өздөрүнүн милдеттерин аткарууда кандайдыр бир кысым көрсөтүүдөн карманышат.
3. Фонд анын максаттарына же функцияларына кандайдыр бир жол менен зыян келтирүүчү, аларды чектөөчү, алардан четтөөгө же башка жол менен аларды өзгөртүүгө алып келүүчү кредиттик ресурстарды тартууга, жардам же башка түрдөгү көмөк көрсөтүүнү алууга катышпайт.
4. Фонд, Фонддун кеңешинин, башкармасынын мүчөлөрү жана кызматкерлери Фонддун уюмдаштыруучуларынын кайсыл мамлекетинде болбосун болуп жаткан саясий окуяларга кийлигишпөөгө, саясий ишке түз жана кыйыр катышуучу саясий партияларды, уюмдарды жана адамдарды түз жана кыйыр каржылоо менен байланышкан чечимдерди кабыл алууга кийлигишүүгө укуксуз. Чечимдерди кабыл алууда Фонддун органдары ушул Уставдын максаттарына жетишүүгө гана багытталууга тийиш.
Фонддун операциялары төмөнкү принцинтерге ылайык жүргүзүлөт:
1) Фонд долбоорлорду каржылоону мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана акы төлөө шарттарында ишке ашырат;
2) Фонд, анын максаттарына жана милдеттерине зыян келтирүүгө, аларды чектөөгө, аларды четтетүүгө же аларды башка түрдө өзгөртүүгө мүмкүн болуучу кандайдыр бир төгүмдөрдү тартпайт жана кандайдыр бир жардам көрсөтүү алууга санкция кылбайт;
3) Фонд Тараптардын аймагында эч кандай иш-чараларды каржылабайт, эгер Тараптардын бири мындай каржылоого каршы чыкса;
4) Фонддун Кеңеши же Фонддун Башкармасы Фонддун уюмдаштыруучусу болуп эсептелбеген мамлекетте чыгарылган товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү Фонддун уюмдаштыруучусу болуп эсептелбеген мамлекеттен сатып алууну уруксат берген, экономикалык жактан максатка ылайыктуу сатып алууларды жана инвестициялардын натыйжалуулугун камсыз кылган учурдан сырткары Фонддун уюмдаштыруучу мамлекеттеринде чыгарылган Фонддун уюмдаштыруучу мамлекеттеринде товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн пайдаланылуучу Фонд тарабынан ишке ашыруучу кредиттер, инвестициялар же башка каржылоо;
5) Фонд тарабынан берилген бардык кредиттер же Фонд катышкан зайым же капитал унөмдөө жана натыйжалуулугун эске алуу менен талаптагыдай максаттуу багыты боюнча гана пайдаланылышын камсыз кылуучу чараларды көрөт.
Фонддун финансылык жылы 1-январда башталат жана 31-декабрда аяктайт.
Фонд бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына (ФОЭС) ылайык финансылык отчеттуулукту даярдайт. Фонд ошондой эле бухгалтердик эсепти жүргүзүүгө жана финансылык отчетту россия рубли менен түзүүгө укуктуу. Статистикалык жана салыктык отчеттуулук Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана ушул Уставга каршы келбеген бөлүгүндө берилет.
1. Фонддун финансылык-чарбалык ишин контролдоо үчүн анын түзүмүндө ички аудит кызматы түзүлөт, анын персоналдык курамы Фонддун Кеңеши тарабынан бир жылдык мөөнөткө, аны узартуу мүмкүнчүлүгү менен бекитилет. Ички аудит кызматы Фонддун Кеңешине отчет берет.
2. Фонддун жылдык финансылык отчетун текшерүү жана тууралыгын ырастоо үчүн Фонддун көз карандысыз тышкы аудити жыл сайын жүргүзүлөт.
Аудит жүргүзүүгө уруксаттамасы бар жана Фонд же анын уюмдаштыруучулары менен мүлктүк кызыкчылыктары байланышпаган көз карандысыз эл аралык кесиптик аудиттик уюмду тандоо тартиби Фонддун Кеңеши тарабынан аныкталат.
Фонддун Кеңеши жыл сайын тандоонун жыйынтыгы боюнча мыкты деп таанылган көз карандысыз эл аралык кесиптик аудитордук уюмдарды бекитет жана Фонддун Башкармасынын Терагасына аны менен контракт түзүүгө укук берет.
3. Фонд жылдык отчетту жана aгa аудиттик корутундуну кийинки отчеттук жылдын биринчи кварталынан кечиктирбей Фонддун уюмдаштыруучуларына жиберет.
Фонд өзүнүн финансылык отчетторун жана өз максаттарына жетүү жана өздөрүнүн функцияларын аткаруу учун максатка ылайыктуу болгон башка каалаган отчетторун жарыялайт.
1. Фондго өзүнүн максатгарына жетүү жана функцияларын аткаруу үчүн Фонддун уюмдаштыруучу мамлекеттеринин аймагында ушул бөлүмдө каралган жана Фонд менен Фонддун уюмдаштыруучуларынын ортосунда түзүлгөн макулдашууларда белгиленген иммунитеттер, артыкчылыктар жана жеңилдиктер берилет.
2. Фонд ар кандай соттук иликтөөдөн иммунитеттерге ээ.
3. Ушул берененин 1-пунктунун жоболоруна карабастан Фонддун кайсы уюмдаштыруучусу болбосун же бул уюмдаштыруучунун атынан иш алып барган же талаптарды койгон кандай адам болбосун, орган жана мекеме тарабынан Фондго карты кандайдыр бир иш-аракеттер жана доолор колдонулбайт. Фонддун уюмдаштыруучулары ушул Уставда, Фонддун жоболорунда жана регламенттеринде, ошондой эле Фонд менен уюмдаштыруучулардын жана эл аралык уюмдардын ортосунда түзүлгөн макулдашууларда каралган карама-каршылыктарды женге салуу учун атайын жол-жоболорду пайдалана алышат.
4. Фонддун уюмдаштыруучу мамлекеттеринин аймагындагы Фонддун мүлкү жана активдери ушул Уставдын 22-беренесинин жоболорун ишке ашыруу менен байланышкан учурларды кошпогондо тинтүүдөн, реквизациялоодон, камоого алуудан, конфискациялоодон, экспроприациялоодон же алып коюу же болбосо ээликтен ажыратуунун кайсыл формасы жагынан болбосун иммунитеттерге ээ болот.
5. Фонддун максаттарына жетүү жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон даражада жана ушул Уставдын жоболорун эске алуу менен көрсөтмөлөрдөн жана мораторийлерден эркин болот.
6. Фондго таандык же ал менчик ээси болуп саналган архивдер, мүлк, ошондой эле бардык маалыматтар Фонддун уюмдаштыруучуларынын мамлекеттеринин аймагында кол тийбестикке ээ.
1. Фонд, анын кирешелери, мүлкү жана башка активдери, ошондой эле анын ушул Уставга ылайык ишке ашырылуучу операциялары жана бүтүмдөрү Фонддун уюмдаштыруучуларынын мамлекеттеринин аймагында бардык салыктардан, анын ичинен киреше салыгынан, жыйымдардан жана алымдардан жана башка бюджетке милдеттүү төлөмдөрдөн бошотулат, буга Фонддун кардарларында жана контрагенттеринде Фонд менен операциялары жүргүзуүгө жана бүтүмдөрү түзүүгө байланыштуу пайда болгондор кирбейт.
2. Бул берене Фонддун кызматкерлерине карата колдонулбайт.
Фонддун Кеңеши ушул Уставда каралган ар кандай иммунитеттерден, артыкчылыктардан жана женилдиктерден анын пикири боюнча Фонддун кызыкчылыктарына жооп бере ала турган даражада жана шарттарда баш тарта алат.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Уставга өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү жана ошол протоколдордо белгиленген тартипте күчүнө кируучу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
Тараптардын бири менен Фонддун же Тараптардын ортосунда ушул Уставды чечмелөөдө жана колдонууда пайда болгон талаш-тартыштар Тараптардын ортосунда консультацияларды жана суйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет.
1. Фонд менен Фонддун уюмдаштыруучусунун ортосунда Фонддун ишинин жүрүшүндө пайда болгон талаш-тартыштар жана кайчы-пикирлер консультацияларды жана суйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет.
2. Эгерде, консультацияларды жана суйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн натыйжасында талаш-тартыш 3 айдын ичинде жөнгө салынбаса, бул талаш-тартыш үч арбитрден турган бейтарап сотунун кароосуна берилет, алардын бири Фонд тарабынан - экинчиси Фонддун тиешелүү уюмдаштыруучусу, ал эми үчүнчүсү - дайындалган арбитрлер менен макулдашуу боюнча дайындалат же болбосо эгерде, тараптар үчүнчү арбитр боюнча бирдиктүү макулдашууга келбесе, анда ал Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык сотунун төрагасы тарабынан дайындалат. Арбитрлер чечимди көпчүлүктүн добушу менен кабыл алышат жана алар тарабынан кабыл алынган чечим акыркы жана тараптардын талаш- тартыштары үчүн милдеттүү болуп саналат.
1. Өзгөчө кырдаалдарда Фонддун Кеңеши Фонддун ишин токтото туруу демилгеси жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн. Фонддун ишин токтотуу жөнүндө чечим Фонддун Кеңешинин сунушу боюнча Фонддун уюмдаштыруучулары тарабынан кабыл алынат*.
2. Фонддун ишин убактылуу токтотуу демилгеси тууралуу чечим кабыл алынган учурда Фонддун каражаттарын жана Фонддун каражаттары менен жасалуучу бүтүмдөрдү токтотуу жөнүндө жаңы макулдашууларды түзүү токтотулат.
1. Фонддун ишин токтотуу демилгеси тууралуу чечим Фонддун Кеңеши тарабынан кабыл алынат. Фонддун ишин токтотуу жөнүндө чечимди Фонддун Кеңешинин сунушу боюнча Фонддун уюмдаштыруучулары кабыл алышат.
2. Фонддун ишин токтотуу демилгеси тууралуу чечимди кабыл алууда, тийиштуу чечим кабыл алынган датага чейин келип чыккан Фонддун каражаттарынын эсебинен акы төлөөгө тиешелүү Фонддун каражаттарын берүү жөнүндө иш-аракеттеги макулдашуулар боюнча Фонддун каражаттарын коргоо жана сактоо, төгүмдөрдү топтоо боюнча иштерди кошпогондо, Фонддун ишин токтотуу демилгеси жөнүндө чечим кабыл алынганда Фонддун каражаттары менен болгон бардык операциялар дароо токтотулат.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз- Россия внуктуруу фонду жөнүндө макулдашууга 2-тиркеме |
Бул Макулдашуунун жана Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фондунун уставынын 6-беренесинин 3-пунктунун б) пунктчасынын (Фонддун каражаттары) жоболорун ишке ашыруу максатында Тараптар төмөндөгүлөргө макулдашышты, АКШ долларындагы сумма жана/же россия рублинде 400 000 000 (төрт жүз миллион) эквиваленттүү АКШ доллары төмөндөгү графикке ылайык төлөнөт:
| Төлөм суммасы АКШ доллары менен1 | Төлөм датасы |
1 | 50 000 000 | 2015-жылдын 31 -мартына чейин |
2 | 100 000 000 | 2015-жылдын 30-июнуна чейин |
3 | 50 000 000 | 2015-жылдын 30-сентябрына чейин |
4 | 50 000 000 | 2015-жылдын 31 -декабрына чейин |
5 | 50 000 000 | 2016-жылдын 31 -мартына чейин |
6 | 100 000 000 | 2016-жылдын 29-майына чейин |
Бардыгы | 400 000 000 |
|
__________________
1 же россия рублиндеги эквивалентүү сумма