Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 17-сентябры № 399-б
Мамлекеттик жана коомдук ишмер Шабдан Жантай уулунун туулган күнүнүн 175 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы Юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык:
1. Шабдан Жантай уулунун туулган күнүнүн 175 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети бир айлык мөөнөттө мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Иш-чараларды өткөрүү менен байланышкан чыгымдар ишке тартылган министрликтердин жана административдик ведомстволордун бюджеттик каражаттарынын чегинде, ошондой эле гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.
4. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасыньш Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-сентябрындагы № 399-б буйругуна тиркеме |
Сарпашев Тайырбек Дуйшекеевич | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Талиева Камила Абдыразаковна | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Исаев Канатбек Кедейканович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасыньш Чуй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Иманалиев Каныбек Капашович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Исаков Эсенгул Байдалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча): |
Бадыкеева Нуржан Нуралиевна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Лаврова Эльга Владимировна | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министри; |
Садыков Канат Жалилович | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри; |
Базарбаев Кудайберген Базарбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министри; |
Алымкулов Алисбек Толбашиевич | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министри; |
Кайкиев Эмиль Абдыкалыевич | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу; |
Касиев Накен Касиевич | - | Кыргыз Республикасынын Экметуне караштуу Жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору; |
Эргешов Кадырбек Кочкорович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору; |
Саралинов Мурат Назарбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитетинин президента (макулдашуу боюнча); |
Эркебаев Абдыганы | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президента; |
Кулматов Кубанычбек Кенешевич | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Жумагулов Султан | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу (макулдашуу боюнча); |
Айтиева Максуда Жанибековна | - | Кыргыз Республикасынын «Коомдук телекөрсөтүү» - «ЭлТР» телерадиоберуу компаниясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу; |
Саалаев Жедигер Ибраимович | - | «Кыргыз Туусу» басма үйүнүн директору - башкы редактор; |
Осмонов Кыргызбай Арапбаевич | - | Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын директору; |
Супатаев Тынарбек Усубалиевич | - | Чуй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким; |
Калашников Леонид Николаевич | - | жазуучу (макулдашуу боюнча); |
Сагындыков Арстан | - | ишкер (макулдашуу боюнча); |
Исаков Кумен Исакович | - | «Шабдан Баатыр» эл аралык фондунун директору (макулдашуу боюнча); |
Абдылдабек кызы Жаныл | - | Шабдан Жантай уулунун тууганы (макулдашуу боюнча). |