Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 18-сентябры № 402-б
"Кыргыз Туусу" расмий өкмөттүк гезитинин жарыкка чыккандыгынын 90 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык:
1. "Кыргыз Туусу" расмий өкмөттүк гезитинин жарыкка чыккан кунунун 90 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети бир айлык меенетте мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Иш-чараларды өткөрүү менен байланышкан чыгымдар ишке тартылган министрликтердин жана административдик ведомстволордун бюджеттик каражаттарынын чегинде, ошондой эле гранттардын жана демеерчулук каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.
4. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим беруу, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-сентябрындагы № 402-б буйругуна тиркеме |
Сариева Эльвира Кубанычбековна | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Талиева Камила Абдыразаковна | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
|
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Эсмоналиев Каныбек Эсмоналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Лаврова Эльга Владимировна | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министри; |
Садыков Канат Жалилович | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри; |
Ахмедов Орунбай Козубаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштууМамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин директору; |
Эркебаев Абдыганы | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти; |
Торалиева Гульнура Тынчтыкбековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо белумунун башчысы; |
Кулматов Кубанычбек Кенешевич | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Бакашова Жылдыз Кемеловна | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директору; |
Осмонов Кыргызбай Арапбаевич | - | Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын директору; |
Жумагулов Султан | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберуу корпорациясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу (макулдашуу боюнча); |
Айтиева Максуда Жанибековна | - | Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - "ЭлТР" телерадиоберүү компаниясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу; |
Таабалдиев Кубанычбек Абдименович | - | "Кабар" Кыргыз улуттук маалымат агенттигинин директору (макулдашуу боюнча); |
Саалаев Жедигер Ибраимович | - | «Кыргыз Туусу» басма үйүнүн директору - башкы редактор; |
Слащева Тамара Михайловна | - | "Слово Кыргызстана" басма үйүнүн директору - башкы редактор; |
Осмонов Манас Орозбаевич | - | "Эркин Too" гезитинин башкы редактору. |