Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 18-сентябры № 404-б
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети менен Индия Республикасынын Тышкы чалгындоо кызматынын Изилдөө жана аналитикалык мекемесинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети жана Индия Республикасынын Тышкы чалгындоо кызматынын Изилдөө жана аналитикалык мекемеси,
Кыргыз Республикасынын жана Индия Республикасынын эгемендигин, мамлекеттик көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн урматтап,
эки мамлекеттин коспсуздугун жана туруктуулугун коргоо кызыкчылыгынын негизинде,
тараптардын эки мамлекетинин кызыкчылыктарына зыян келтирүүчү кылмыш ишине каршы кызматташууну камсыз кылууга умтулуп,
Кыргыз Республикасынын жана Индия Республикасынын улуттук мыйзамдарына ылайык жана өз компетенцияларынын чегинде иш жүргүзүшүп, төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
Тараптар өз мамлекеттеринин улуттук кызыкчылыктарын жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында чалгындоо ишинин ар кандай багыттары боюнча кызматташат.
Тараптар эки мамлекеттин эгемендигине, аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч келтирүүгө тиешеси бар оперативдуу, аналитикалык жана башка маалыматтар менен туруктуу негизде алмашат. Маалымат тараптардын иштеринин максаттары учун гана пайдаланылышы керек.
Тараптар бул Меморандумдун чегинде Кыргыз Республикасынын жана (же) Индия Республикасынын мамлекеттик сырларына кирбеген, бирок Тараптардын ар бир мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык жайылтууга жана ачыктоого чектөө коюлган маалыматтарды алмашышат.
Маалыматты жайылтууга жана ачыктоого чектөөлер жөнөтүүчү Тарап жагынан мындай маалыматты алып жүрүүчүлөрдө же алардын коштоочу документтеринде көрсөтүлөт.
Кызматташуу процессинде алынган бардык маалыматтарды, мындай маалыматты берген Тараптын макулдугусуз, үчүнчү тарапка берүүгө тыюу салынат.
Кызматташуу процессинде алынган маалыматты ачыкка чыгаруу же үчүнчү тарапка берүү үчүн жоопкерчилик ошол Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык, мындай маалыматты алган тараптын ага тиешеси бар адамдарына жүктөлөт.
Бул Меморандумду ишке ашырууда келип чыккан бардык талаш-тартыш маселелер Тараптардын ортосундагы консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жолу менен чечилет.
Кызматташуу процессинде макулдашылган бирдиктүү аракеттерди өткөрүүдө келип чыгуучу талаш-тартыш учурларды чечүү максатында бул Меморандумду ишке ашыруунун механизмдерин жана методдорун аныктоо жана ушул Меморандумга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу үчүн Тараптар убактылуу жумушчу топторду түзүшү мүмкүн.
Бул Меморандумга Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча өзүнчө протоколдор менен таризделген жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
Бул Меморандум 5 жылдык мөөнөткө түзүлүп, кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет, эгерде тараптардын бири экинчи тарапка жазуу жүзүндө Меморандумдун мөөнөтү аяктаганга чейин алты ай мурун аны токтотуу ниети жөнүндө билдирүү бербесе, анда Меморандум кийинки беш жылдык мөөнөткө узартылган болуп эсептелет.
Бул Меморандум Тараптардын биринин билдирүүсү боюнча бузулушу мүмкүн. Мында Меморандум бир Тараптын экинчи Тарапка бузуу тууралуу билдирүүсүн берген күндөн 6 ай өткөндөн кийин күчүн жоготту деп эсептелет.
Бул Меморандумга ______________ шаарында 2014 –жылдын "____" ___________ ар бири кыргыз, орус жана англис тилдеринде эки нускада кол коюлду, бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети учун | Индия Республикасынын Тышкы чалгындоо кызматынын Изилдее жана аналитикалык мекемеси учун |