Загрузка документа…
КР Премьер-министринин 2014-жылдын 5-мартындагы № 99 буйругуна КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 7-февралы № 48
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жетекчилери өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын талкуулоо боюнча республикалык кеңешмени (мындан ары - республикалык кеңешме) өз убагында даярдоо жана өткөрүү максатында:
1. Төмөнкү курамда жумушчу топ түзүлсүн:
Сарпашев Тайырбек Дүйшөкеевич | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, жумушчу топтун жетекчиси; |
Момуналиев Нурханбек Сакенович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Эргешов Алтынбек Калдарович | - | уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
| ||
Жунусов Ибрагим Кожоназарович | - | Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри; |
Нарбаев Каныбек Жайчиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; |
Кожошев Арзыбек Орозбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Айтбаев Урмат Шакиралиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы; |
Бусурманкулов Эмилбек Бурканбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Жусубалиев Азимкан Ильясович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Шаршеев Айдин Өмүралиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Эржигитов Мелисбек Каныбекович | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин басма сөз катчысы; |
Бакиров Жетиген Жокинович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы; |
Мамбетакунов Нурбек Тельманович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусунун биринчи орун басары (макулдашуу боюнча); |
Усубакунова Айныжамал Ильясовна | - | Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Үсөнбаев Мир Алымкулович | - | Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору. |
2. Жумушчу топ 2013-жылдын 11-февралына чейинки мөөнөттө республикалык кеңешменин иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Жумушчу топко зарыл учурда белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга уруксат берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |