Загрузка документа…
КР Премьер Премьер-министринин
2015-жылдын 23 июлундагы №325 буйругуна ылайык
Күчүн Жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2014-жылдын 5-марты № 99
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жетекчилери менен өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын талкуулоо боюнча республикалык кеңешмени (мындан ары - республикалык кеңешме) өз убагында даярдоо жана өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып:
1. 2014-жылы өтүүчү республикалык кеңешмени даярдоо жана өткөрүү боюнча жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ үч күндүк мөөнеттө 2014-жылы өтүүчү республикалык кеңешмени даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Жумушчу топко зарыл болгон учурда белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин, коз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга уруксат берилсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук-методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 7-февралындагы № 48 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 5 мартындагы № 99 буйругуна тиркеме |
Сарпашев Тайырбек Дуйшекеевич | - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, жумушчу топтун жетекчиси; |
Момуналиев Нурханбек Сакенович | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Эргешов Алтынбек Калдарович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
| |
Раев Султан Акимович | - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри; |
Касиев Накен Касиевич | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору; |
Кожошев Арзыбек Орозбекович | - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Мусабеков Алмаз Обозбекович | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Айтбаев Урмат Шакиралиевич | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы; |
Бусурманкулов Эмилбек Бурканбекович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Жусубалиев Азимкан Өмүралиевич | - Кыргыз РеспубликасыЬшн Өкметүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Шаршеев Айдин Өмүралиевич | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Эржигитов Мелисбек Каныбекович | - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин басма соз катчысы; |
Бакиров Жетиген Жокинович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы; |
Мамбетакунов Нурбек Тельманович | - Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусунун биринчи орун басары (макулдашуу боюнча); |
Усубакунова Айныжамал Ильясовна | - Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Осмонов Кыргызбай Арапбаевич | - Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын башкы директору. |