Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 23-сентябры № 413-б
Кыргыз ССРинин эл акыны, Социалисттик Эмгектин Баатыры, академик Аалы Токомбаевдин туулган күнүнүн 110 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы Юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык:
1. Аалы Токомбаевдин туулган кунунун 110 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети бир айлык мөөнөттө мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Иш-чараларды өткөрүү менен байланышкан чыгымдар ишке тартылган министрликтердин жана административдик ведомстволордун бюджеттик каражаттарынын чегинде, ошондой эле гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.
4. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-сентябрындагы № 413-б буйругуна тиркеме |
Сариева Эльвира Кубанычбековна | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Талиева Камила Абдыразаковна | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Иманалиев Каныбек Капашович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Исаков Эсенгул Байдалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Лаврова Ольга Владимировна | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министри; |
Садыков Канат Жалилович | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри; |
Исаев Канатбек Кедейканович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чуй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Кулматов Кубанычбек Кенешевич | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Эркебаев Абдыганы | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти; |
Рыскулов Акбар | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Жумагулов Султан | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу (макулдашуу боюнча); |
Саалаев Жедигер Ибраимович | - | «Кыргыз Туусу» басма үйүнүн директору -башкы редактор; |
Слащева Тамара Михайловна | - | «Слово Кыргызстана» басма үйүнүн директору - башкы редактор; |
Осмонов Манас Орозбаевич | - | «Эркин Тоо» газетасынын башкы редактору; |
Кайипов Сулайман Турдуевич | - | Чуй университетинин ректору (макулдашуу боюнча); |
Абдыкеева Рахат Болотбековна | - | Аалы Токомбаев атындагы мемориалдык үй-музейинин директору (макулдашуу боюнча). |