Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 23-сентябры № 412-б
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен Тажикстан Республикасынын Башкы прокуратурасынын ортосундагы Укуктук жардам берүү жана кызматташтык жөнүндө келишимдин долбооруна макулдук берилсин.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен Тажикстан Республикасынын Башкы прокуратурасы (мындан ары - "Тараптар" деп аталып),
эл аралык укуктун жалпы таанылган ченемдерине негизденип,
мамлекеттердин эгемендүүлүгүнүн жана көз карандысыздыгынын принциптерине, өз ара тушунушуунун жана кызыкчылыктын негизинде прокуратура органдарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө алардын умтулуусуна таянып,
жарандардын, коомдун жана мамлекеттердин укуктарын жана эркиндиктерин ишенимдүү коргоону камсыз кылуу зарылчылыгын жетекчиликке алып,
улуттук коопсуздукка кылмыштуу кол салууларга, конституциялык түзүлүштү зордук менен өзгөртүүгө бегет коюу, алдын алуу, табуу, бетин ачуу жана төргөө, эл аралык терроризмге, банги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө, кьшмыштын башка коркунучтуу түрлөрүнө каршы күрөшүү маселелерин чечүүдө тез өз ара аракеттенүү жана кесиптик карым-катнаштарды кеңейтуу максатында,
2002-жылдын 7-октябрындагы Жарандык, үй - бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам берүү жана укуктук мамилелер жөнүндө конвенциянын, Жарандык, үй - бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам берүү жана укуктук мамилелер жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы 1996-жылдын 6-майындагы келишимдин, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасы катышкан башка эл аралык келишимдерге таянып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1. Тараптар ушул Келишимдин жоболорунун негизинде өз компетенцияларынын чектеринде теңдүүпүк, келишимдик милдеттенмелерди сактоо жана өз ара урматтоо принциптеринде кызматташтыкты жүзөгө ашырат.
2. Тараптар ушул Келишимдин негизинде төмөнкүдөй кылмыштардын алдын алууда, аларга бөгөт коюуда, табууда, бетин ачууда жана тергөөдө кызматташтыкты жүзөгө ашырат:
терроризм, сепаратизм, экстремизм;
куралды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү, ядролук жана радиоактивдүү материалдарды, баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүү;
конституциялык түзүлүшкө кол салуу жана бийликти күч менен басып алуу;
инсандын өмүрүнө, ден-соолугуна, эркиндигине, ар-намысына жана кадыр-баркына каршы;
мыйзамсыз миграцияны уюштуруу;
адамдарды сатуу жана учунчу жактардын сойкулукту пайдаланышы;
экономикалык, тышкы экономикалык чөйрөдө, анын ичинде салык салуу, кылмыштуу иштен, контрабандадан, жасалма акча жасоодон жана баалуу кагаздарды жасалмалоодон алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу жагындагы;
менчикке каршы, анын ичинде, автотранспорт каражаттарын, майда жана бодо мал уурдоого байланышкан;
курчап турган чөйрө жана жаратылышты пайдалануу жагындагы; уюшулган жана башка кылмыштар; кылмыштардын башка түрлөрү
Тараптар ушул Келишим менен жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу максатында төмөнкүлөр боюнча укуктук жардам көрсөтөт:
тергөө аракеттерин жана изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү жөнүндө тапшырмаларды аткаруу;
кылмыштык куугунтуктоодон же жазаны өтөөдөн жашырынган, ошондой эле дайынсыз жоголгон адамдарды издөөнү уюштуруу;
номери бар же өзгөчө айырмалоочу белгилери бар уурдалган буюмдарды, анын ичинде автотранспортту жана ок атуучу куралды, ошондой эле банктык, финансылык, юридикалык жана иш кагаздары, инсандын ким экендигин тастыктаган документтерди белгиленген тартипте издөөгө жана кайра кайтарууга көмөктөшүү;
адамдардын жана кылмыштуу жамааттардын (уюмдардын) криминалдык ишине бөгөт коюу боюнча аракеттерди макулдашуу, анын ичинде жеке жана юридикалык жактардын даярдалып жаткан же жасалган кылмыштарга, өзгөчө баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүү, адамдарды сатуу чөйрөсүндөгү кылмыштарга жана кызмат адамдары катышкан топто жасалган кылмыштарга катышуусу жөнүндө маалымат алмашуу;
Тараптардын мамлекеттеринин аймагында мыйзамсыз жүргөн адамдар жөнүндө маалымдоо.
Тараптар конкреттүү кырдаалдарга таянуу менен жана Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык башка өз ара алгылыктуу формаларда дагы өз ара укуктук жардам көрсөтө алат.
Ушул Келишимдин алкагында көмөк көрсөтүүдөн, эгерде бул адам укуктарын бузууга алып келиши, мамлекеттин эгемендүүлүгүнө же коопсуздугуна зыян келтириши мүмкүн болсо же суратылып жаткан мамлекеттин улуттук мыйзамдарына жана ал түзгөн эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелерге каршы келсе толугу менен же жарым-жартылай баш тартылышы мүмкүн.
Мындай чечим кабыл алынган учурда суратып жаткан Тарапка баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен бул жөнүндө жазуу жүзүндө маалымдалат.
Бул Келишимди аткаруу максатында Тараптар бири - бири менен түздөн-түз ез ара аракеттенишет, ошондой эле, эгерде мамлекеттер ортосундагы келишимдерде башка тартип белгиленбесе, ушул Келишимдин жоболоруна ылайык аракеттенген өз мамлекеттеринин чек-ара региондорунун компетенттүү прокуратура органдары аркылуу кызматташат.
Чек ара региондорунун прокуратуралары болуп төмөнкүлөр саналат: Кыргыз Республикасында - Баткен жана Ош облустарынын прокуратуралары.
Тажикстан Республикасында - Согди жана Тоолуу Бадахшан автономиялык облустарынын жана Жерге-Тал районунун прокуратуралары.
Чек ара региондорунун прокуратуралары региондук деңгээлде түздөн-түз байланыш аркылуу ушул Келишимдин 2-беренесинде көрсөтүлгөн иш-чараларды аткаруу учурунда бири - бирине укуктук жардам көрсөтөт.
Мындан тышкары, чек ара аймактарынын прокуратураларынын кызматташтык чөйрөсүнө алардын региондук бажы органдарынын ишине, анын ичинде:
контрабандалык иштин алдын алуу боюнча;
кызмат адамдарынын катышуусу менен топто жасалган кылмыштардын алдын алуу жана аларды табуу боюнча ишке көзөмөлдү жүзөгө ашыруу учурунда укуктук жардам көрсөтүү кирет.
1. Укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө өтүнүч жазуу жүзүндө толтурулууга, ага прокуратуранын жетекчиси же жетекчисинин орун басары кол коюуга, ал суратып жаткан мекеменин гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө жана төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
Тараптардын прокуратураларынын же алардын мамлекеттеринин чек ара региондорунун прокуратураларынын аталышын;
кайрылуу максатынын баяндалышын же суратылып жаткан укуктук жардамдын түрүнүн баяндалышын;
жеке адам жөнүндө маачыматтарды: аты-жөнүн, туулган датасын жана ордун, жашаган жерин, жарандыгын, эмгек ишинин турун; юридикалык жак жөнүндө маалыматтарды: аталышын, юридикалык дарегин же турган жерин, банктык реквизиттерин жана фискалдык коддорун, жосундун же окуянын сыпаттамасын, сураткан Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык кылмыштуу кол салуунун квалификациясын, жазык мыйзамынын колдонулуучу ченеминин текстин жана эгерде зыян кылмыш жасоонун натыйжасында келтирилген болсо, анын өлчөмү жөнүндө маалыматтарды;
кылмыш ишинин алкагында аткарылууга зарыл болгон процесстик аракеттердин же оперативдүү издөө иш-чараларынын кең-кесири тизмесин, ошондой эле өтүнүчтү аткаруу үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды.
2. Өтүнүч бир айдан кеч эмес мөөнөттө аткарылат. Анын өз убагында аткарьшышына тоскоолдук жаралган учурларда себептерин көрсөтүү менен сураткан Тарапка тез арада маалымдалат.
3. Эгерде сурап жаткан Тарап өтүнүчтөгү маалыматты жетишсиз деп эсептесе, кошумча маалыматты сурап алышы мүмкүн.
4. Суралып жаткан Тараптын талабы боюнча сурап жаткан Тарап суроо-талап боюнча жиберилген материалдардьш туп нускаларын, документтерди жана башка мүлктөрдү, эгерде алар кылмыш ишинин материалдарында тиркелүүсүнүн зарылчылыгы болбосо, аларды кайтарып берүүгө милдеттүү.
Өтүнүчтү аткарууда суралып жаткан Тарап өз мамлекетинин мыйзамдарын жетекчиликке алат.
Ыйгарым укуктуу прокурорлордун атайын токтомдорун же санкцияларын аткаруу үчүн бул чечимдер өтүнүчтүн демилгечиси тарабынан кабыл алынат. Суралып жаткан Тарап көрсөтүлгөн чечимдердин негиздуулугун карабайт.
Тараптардын биринин аймагында кылмыш жасаган жана башка Тараптын аймагында жүргөн адамдарды өткөрүп беруу жана аларды кылмыштык куугунтуктоонун чектери бул мамлекеттердин улуттук мыйзамдарында жана мамлекеттер аралык келишимдерде белгиленген тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.
Бир нече мамлекеттердин аймагында жасалган кылмыштарды тергөө жөнүндө, ошондой эле ушундай иштер боюнча тергөөгө көзөмөл жөнүндө маселе Тараптардын жетекчилеринин макулдашуусу боюнча чечилет.
Зарыл учурларда, кылмыштарды тез жана ар тараптан тергөө максатында биргелешкен тергөө топтору түзүлүшү мүмкүн.
Биргелешкен тергөө топторунун мүчөлөрү түздөн-түз өз ара аракеттенет, тергөөнүн негизги багыттарын, тергө аракеттерин жүргүзүүнү макулдашат, алынган маалыматты алмашат. Макулдашуу боюнча алардын ишин координациялоону биргелешкен тергөө тобун түзүүнүн демилгечиси же анын мучелерунун бири жузеге ашырат.
Тергее аракеттерин, алар жургузулуп жаткан Тараптын улуттук мыйзамдарына ылайык ошол Тараптын биргелешкен тергее тобунун мүчөлөрү жүзөгө ашырат.
Укуктук жардам көрсөтүү маселелери боюнча өздөрүнүн өз ара мамилелеринде Тараптар текстти сөзсүз түрдө орус тилине которуу менен тиешелүү мамлекеттик тилди пайдаланат.
Котормо ыйгарым укуктуу адамдын колу жана мөөр менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Укуктук жардам көрсөтүү менен байланышкан чыгымдарды алар аймагында келип чыккан Макулдашуучу тарап көтөрөт.
Тараптар кьшмыш ишин козгоо женунде маалыматты жана зарылчылык болгон учурда тиешелүү Тараптын мамлекетинин жарандарына карата мыйзамдуу күчүнө кирген өкүм жөнүндө маалыматтарды бири-бирине беришет.
Тараптар ведомстволук статистикалык маалыматты, методикалык иштеп чыгууларды, улуттук мыйзамдар жана иштелип чыгып жаткан мыйзам долбоорлору жөнүндө маалыматтарды, өз ара кызыкчылыкты билдирген башка маалыматты алмашат; материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу маселелерин чечүүдө бири-бирине көмөк көрсөтөт.
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча бул Келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган протоколдор менен таризделет.
Ушул Келишим күчүнө киргенден кийин Укуктук жардам берүү жана кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын прокуратурасы менен Таджикстан Республикасынын прокуратурасынын ортосундагы 1993-жылдын 15-октябрындагы Келишим өзүнун күчүн жоготот.
Ар бир Тарап, эгерде экинчи Тарапка берилген купуя маалыматтар жабык мүнөздө болсо же берип жаткан Тарап алардын мазмунун жарыя кылуунун кереги жок деп эсептесе, ал маалыматтардын сакталышы боюнча зарыл чараларды көрөт.
Ушул Келишимдин алкагында Тараптардын биринен алынган кабарларды жана маалыматтарды учунчу тарапка беруу зарыл болгон учурда бул маалыматтарды жана кабарларды берип жаткан Тараптын макулдугу талап кылынат.
Ушул Келишимдин жоболорун чечмелөө же колдонуу учурунда талаштар жана пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар аларды консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечет.
Бул Келишим ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана 5 жылдык мөөнөткө түзүлөт. Анын колдонулушу, Тараптардын бири бул Келишимдин колдонулушун токтотууга өзүнүн ниети женунде экинчи Тарапка тиешелүү мезгил аяктаганга чейин кеминде алты ай мурда кат жүзүндө билдирбесе, кийинки беш жылдык мезгилдерге өзүнөн-өзү узартылат.
Бул Келишим өзүнүн колдонулушун Тараптардын бири анын колдонулушун токтотууга өзүнүн ниети жөнүндө экинчи Тараптын тиешелүү кат жүзүндөгү билдирүүсүн алгандан, алты айдан кийин өзүнүн колдонулушун токтотот.
201_-жылдын «____» ________ _______________ шаарында эки туп нускада, ар бири кыргыз, тажик жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчке ээ.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы үчүн | Тажикстан Республикасынын Башкы прокуратурасы үчүн |