КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 7-июлу № 349
Б.Ж.Асанов жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 89-беренесинин 7-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 27-июнундагы Мыйзамынын 1-беренесине ылайык Асанов Бектур Жантөрөевич Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатору кызматынан бошотулсун.
Негиз: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 9-июнундагы N 567-V токтомунун 8-пункту.
Премьер-министр | А. Атамбаев |