Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 23-сентябры № 414-б
«Ломбарддык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу максатында:
1. «Ломбарддык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ үч айлык мөөнөттө:
- ломбарддардын ишинин эл аралык тажрыйбасын көңүлгө алуу менен, ломбарддык ишти укуктук жөңгө салууга тиешелүү ченемдик актыларды талдап чыксын;
- «Ломбарддык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөңгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы жумушчу топтун катчылыгы болуп аныкталсын.
4. Жумушчу топко белгиленген тартипте министрликтердин, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга укук берилсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-сентябрындагы № 414-б буйругуна тиркеме |
Тойчубеков Ю.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөңгө салуу жана көзөмөлдвө мамлекеттик кызматынын төрагасы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Чокоев З.Л. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча). |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Ипасова П. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизалоо боюнча башкармалыгынын жетектөөчү адиси; |
Хафизова А. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Борбордук күрөөлүк каттоо конторасынын башкы адиси; |
Тайсариев А. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ишкердик ишти жөңгө салуу башкармалыгынын жетектөөчү адиси; |
Джоробеков Р. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөңгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын банктык эмес финансылык мекемелерге мониторинг жүргүзүү жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн начальниги; |
Жамакеев М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын хронометраждык текшерүүлөрдү жүргүзүүнү контролдоо жана рейддик салыктык контролдоо бөлүмүнүн башкы инспектору; |
Жоробекова А. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын юридикалык башкармалыгынын мыйзам долбоорлоо иштери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси (макулдашуу боюнча); |
Мукашева 3. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдөө методологиялары жана лицензиялоо башкармалыгынын лицензия берүү бөлүмүнүн банктык эмес финансылык-насыялык мекемелерге лицензия берүү тобунун башкы инспектору (макулдашуу боюнча); |
Хакимов А. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын методологиялык жана консультациялык иштер бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; |
Чойбеков Б. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин өкүлү; |
Калмуратова 3. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөңгө салуу мамлекеттик агенттигинин жарнамаларды контролдоо, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана атаандаштык бөлүмүнүн адиси; |
Айткулов Н. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча оперкызматкери. |