Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-январындагы № 19-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 24-сентябры № 420-б
Кыймылдуу мүлктүн күрөөлөрүн каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыймылдуу мүлктүн күрөөлөрүн каттоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ 2015-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө кыймылдуу мүлктүн күрөөлөрүн каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук базасын өркүндөтүүгө багытталган ченемдик укуктук актылардын тийиштүү долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Жумушчу топ зарылдыгына жараша белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарынын адистерин ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-сентябрындагы №420-б буйругуна тиркеме |
Майкозов Касымбек Асыпбекович | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Редченко Валентина Яковлевна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Борбордук күрөө каттоо кеңсесинин директору, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Арстанбаева Дилара Эркиновна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы (макулдашуу боюнча); |
Темиралиев Нурлан Садырович | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Борбордук күрөө каттоо кеңсесинин директорунун орун басары; |
Исраилова Нургуль Асанбаевна | - | «Микрофинансылык уюмдар ассоциациясынын» юридикалык жактар бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Алиева Назиля Адылевна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү башкармалыгынын башкы адиси; |
Айдаров Айбек Самудинович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин укуктук колдоо жана экспертизалоо бөлүмүнүн башкы адиси; |
Ибрайымов Данел Жолдошалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун күрөөлүк камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси; |
Конуев Турарбек Ишенбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын салык төлөөчүлөр менен иштөө башкармалыгынын салык мыйзамдары боюнча методология бөлүмүнүн башкы адиси; |
Туратбеков Нурбек Туратбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин автотранспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоону контролдоо бөлүмүнүн башкы адиси; |
Жоробекова Айнура Туратбековна | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын юридикалык башкармалыгынын мыйзам долбоорлоо иштери бөлүмүнүн жетектөөчү юристи(макулдашуу боюнча); |
Самсалиева Чолпон Асанбековна | - | «Кыргызстандын банктар союзу» юридикалык жактар бирикмесинин юристи (макулдашуу боюнча); |
Мамбетова Динара Бейшенбековна | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча). |