Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 21-июлу № 367
Баткен облусунун Кадамжай районунда 2011-жылдын 20-июлунда болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү максатында:
1. Төмөнкү курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Борбиев Б.И. | - | Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Бурханов А.О. | - | Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор; |
Мамбетжанов М.Т. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Жумабеков С.А. | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; |
Садыков К.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; |
Исаков Э.А. | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; |
Мамбетов Т.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Иманбеков С.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин "КНИИПС" институтунун директору; |
Абдрахматов К.Е. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун директору; |
Кыдыралиев Т.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн эксперти; |
Камалов А.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнүн инспектору. |
2. Ведомстволор аралык комиссия:
- жерине чыгуу менен жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн келтирилген материалдык зыянды, зарыл болгон материалдык-техникалык жана финансылык каражаттарды аныктоо боюнча иштерди жүргүзсүн;
- 5 күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына сунуш киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 261 "Табигый кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын калкына мамлекеттик жардам көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык өзгөчө кырдаалдардан мурда жабыр тарткан Баткен облусунун калкына жеңилдетилген ссудаларды берүүнү тездетсин.
4. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволору ведомстволук таандуулугу боюнча жабыр тарткан объекттерди калыбына келтирүүгө карата чараларды көрүшсүн.
5. Ведомстволор аралык комиссияга зарыл учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А. Атамбаев |