Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 26-сентябры № 422-б
Кыргыздын эл жазуучусу Зуура Сооронбаеванын туулган күнүнүн 90 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык:
1. Зуура Сооронбаеванын туулган күнүнүн 90 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети бир айлык мөөнөттө мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Иш-чараларды өткөрүү менен байланышкан чыгымдар демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.
4. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-сентябрындагы № 422-б буйругуна тиркеме |
Сариева Эльвира Кубанычбековна | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Бектеналиев Мукталы Абдыбекович | - | Кыргыз Республикасынын Маданият. маалымат жана туризм министринин орун басарынын милдетин аткаруучу, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Каптагаев Эмилбек Саламатович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Иманкожоева Эркингуль Бекбачаевна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Сабиров Максат Эсенович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Лаврова Ольга Владимировна | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министри; |
Садыков Канат Жалилович | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри; |
Кулматов Кубанычбек Кенешевич | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Ахмедов Орунбай Козубаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин директору; |
Эркебаев Абдыганы | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти; |
Жакиев Бексултан Жакиевич | - | Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (макулдашуу боюнча); |
Жумагулов Султан | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу (макулдашуу боюнча); |
Айтиева Максуда Жанибековна | - | Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - "ЭлТР" телерадиоберүү компаниясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу; |
Саалаев Жедигер Ибраимович | - | «Кыргыз Туусу» басма үйүнүн директору -башкы редактор; |
Акматалиев Абдылдажан Акматалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти; |
Осмонов Кыргызбай Арапбаевич | - | Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын директору; |
Байсеитов Жолдошбек Абылович | - | Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким; |