Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 29-сентябры № 427-б
Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 9-июлундагы № 126 Мыйзамы менен ратификацияланган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Байланышкан жардамдын алкагында насыя берүү тууралуу макулдашууну ишке ашыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Насыяны тейлөөгө ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Польша Республикасынын Улуттук чарбалык банкынын ортосундагы Банктык макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзөртүүлөрдү киргизүү укугу менен кол коюга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |