Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 29-сентябры № 424-б
1. Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эки тараптуу техникалык- экономикалык жардам долбоорлорун ишке ашыруудагы кызматташуунун алкактары жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрду жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
|
Долбоор |
Мындан ары «Кыргыз тарап» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын өкмөтү жана мындан ары «Кытай тарап» деп аталуучу Кытай Эл Республикасынын өкмөтү, мындан ары чогуу «Тараптар» деп аталып,
Кытай тараптан кыргыз тарапка акысыз негизинде берилтен техникалык-экономикалык жардамды тартуу менен кызматташуунун маанилүү тармактарын чогуу макулдашууда эки Тарапты координациялоо жана өз ара аракеттенүүсүн чындоо, ошондой эле техникалык-экономикалык жардам долбоорлорун бекитүү жана ишке ашыруу процесстерин иретке келтирүү максатында,
техникалык-экономикалык жардам долбоорлорун натыйжалуу ишке ашырууну камсыздоо үчүн кызматташуунун өкмөттөр аралык механизмин түзүү зарылдыгын эске алып,
техникалык-экономикалык жардам долбоорлорун ишке ашырууда эки тараптуу кызматташуу алкактарын иштеп чыгуу боюнча кеңешүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Аныктамалар
1. Кыргыз тараптын салымы - техникалык-экономикалык жардамды ийгиликтуу жана сапаттуу ишке ашыруу максатында Кыргыз тараптан техникалык-экономикалык жардам алуүчүнун материалдык жана материалдык эмес салымы.
2. Кыргыз тараптан техникалык-экономикалык жардам алуучу (Кыргыз тараптан бенефициар) - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.
3. Техникалык-экономикалык жардам долбоорлорун ишке ашыруунун өзгөчө учуру - Тараптардын макулдашуусу боюнча, ушул Макулдашуунун 8-беренесине ылайык ишке ашырылуусу мүмкүн болгон, учурдагы өзгөчөлуктөруү бар техникалык-экономикалык жардам долбоорлору,
4. Кытай персоналы-техникалык-экономикалык жардам долбоорлорун ишке ашыруу учун кытай тараптан Кыргыз Республикасына жөнөтүлгөн техникалык, жумушчу жана башкаруучу персонал. Тиричиликте колдонуу үчүн товарлар - техникалык-экономикалык жардам долбоорлорун ишке ашыруу убагында кытай персоналынын колдонуусу үчүн ташылып келген материалдар, техника, жабдуу.
2-берене.
Кызматташуунун алкактары
1. Кытай тараптын кыргыз тарапка бекер гранттык каражаттардын негизинде техникалык-экономикалык жардам берүүнүн негизги түрлөрү болуп төмөнкүлөр камтылган техникалык-экономикалык жардам долбоорлору саналат:
1.1 Комплекстүү долбоор-өндүрүштүк жана муниципалдык жааттарда курулуштун инжиниринг долбоору, анын алкагында кытай тарап долбоорлорду изилдөөге, долбоорлоого жана «ачкычка чейинки» шарттарда курууга жооп берет;
1.2 Техникалык кызматташуу долбоору - бүткөрүлгөн комплекстүү долбоорлордун алкагында кийин жабдууларды өндүрүү, иштетүү жана тейлөө боюнча техникалык кеңештерди берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын администрациялык жана техникалык персоналын даярдоо жана Тараптар ортосунда макулдашылган чөйрөлөрдө жумуштарды көрсөтүү жолу менен кытай технологияларын колдонууну уйрөнүүдө көмөк көрсөтүү максатында кытай адистерин жөнөтүү;
1.3 Материалдык долбоор - кытай тараптан комплектөөчү зарыл бөлуктөрдү камсыздоо жана керектүү техникалык кызматтарды көрсөтүү менен өндүруштүк жана тиричилик материалдарын, технологиялык жабдууларды берүү;
Окутуу долбоору - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлерин/адистерин Кытай Эл Республикасында тиешелүү чейрөлөрдөө окутууну камсыздоо.
2.Тараптардын макулдашуусу боюнча, техникалык-экономикалык жардамды ишке ашыруудагы кызматташуунун артыкчылыктуу чөйрөлөрү төмөнкүлөр болуп саналат:
2.1. Айыл чарба, транспорт, коммуникациялар, энергетика жана өнөр жай чөлөрүндө инфратзүмдөрду куруу;
2.2. Кызматташуунун социалдык, маданий, медициналык жана башка тармактарынын алкагында Кыргыз Республикасынын элинин пайдасына жарандык багыттагы объекттерди куруу;
2.3. Техникалык жардам көрсөтүү жана бул тармактардын өкүлдөрүн окутуу аркылуу социалдык камсыздандыруу, экономика жана финансы тармагында эки тараптуу кызматташууну чындоо;
2.4. Техникалык жардам көрсөтүү жана бул тармактардын өкүлдөрүн окутуу аркылуу мыйзамды аткаруу жана коопсуздукту камсыз кылуу тармагындагы эки тараптуу кызматташууну чындоо;
2.5. Шашылыш гуманитардык жардам көрсөтүү жаатындагы долбоорлор.
2.6. Эки Тараптын өз ара макулдашуусу менен түзүлүшү мүмкүн болгон техникалык кызматташуунун башка жааттарындагы долбоорлор.
3-берене.
Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары
Тараптар ушул Макулдашууну ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын жогоруда көрсөтүлгөн чөйрөлөрдөгү кызматташууну чогуу координациялоону ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу органдарын аныкташты.
Кыргыз тарап үчүн - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги.
Кытай тарап үчүн - Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлиги.
4-берене.
Долбоорлорду сунуштоо
Ушул кызматташуунун алкагында кыргыз тарап реалдуу муктаждыкка ылайык техникалык-экономикалык жардам долбоорлору боюнча сунуштарды (мындан ары -долбоорлор) киргизет жана кыргыз тараптын ыйгарым укуктуу органынан кытай тараптын ыйгарым укуктуу органына кат жүзүндөгү билдирүүнү жөнөтүү жолу менен Кытай тарапка маалымдайт. Кыргыз тарапта башка жол менен жөнөтүлгөн долбоорлор кытай тараптан каралбайт.
Кыргыз тараптан долбоорлор боюнча сунуштар киргизилген учурда техникалык-экономикалык жардамдын көлөмдөрү. долбоорлордун мазмуну, функционалдык талаптар, кыргыз тараптын салымы, ишке ашыруу мөөнөттөрү ж.б. жөнүндө маалыматтар камтылган долбоорлордун кыскача рөзюмеси берилет.
Кытай тарап ушул Макулдашуунун алкагына ылайык келген сунуш кылынган долбоорлорду техникалык-экономикалык жардамдын резервдик долбоорлорунун тизмесине киргизет жана жалпы изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча пландаштырылган гранттык каражаттардын реалдуу абалына ылайык кыргыз тарап менен чогуу артыкчылыктуу долбоорлорду тандайт.
5-берене.
Долбоордун ТЭНин иштеп чыгуу
1. Кытай тарап жеринде изилдөө жана техникалык-экономикалык консалтинг жүргузүү жолу менен Тараптар макулдашкан долбоорлордун техникалык-экономикалык негиздемесин (мындан ары - ТЭН) иштеп чыгууга жооп берет. Кытай тараптан тандалган жана жөнөтүлгөн кытай экспедициясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кыргыз тараптын өкүлдөрү менен чогуу ордунда изилдөө иштерин жүргүзөт.
2. Кытай экспедициясы Кыргыз Республикасында изилдөөлөрдү жүргүзгөн убакта кытай тараптын суроосу боюнча кыргыз тараптан техникалык-экономикалык жардам алуучу (кыргыз тараптан бенефициар) транспорт каражаттарын, ошондой эле долбоорду мындай изилдөө үчүн керектүү маалымат берет.
3. Кыргыз Республикасында Кытай экспедициясынын тобу изилдөөлөрдү жүргүзгөн убакта кыргыз тараптан изилдөөлөрдү координациялоо үчүн жооптуу тиешелүү мамлекеттик орган аныкталат, ошондой эле кыргыз тараптын бенефициары тарабынан кытай экспедициясынын ишине жардам берүү үчүн техникатык персоналды берүүдө көмөк көрсөтүлөт.
4. ТЭНди иштеп чыгуу процессиндеги Тараптардын бекитүүсүн талап кылган этаптык документтер, ошондой эле изилдөө протоколу, жеткирилген товарлардын тизмеси ж.б. Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан тиешелүү документтерге кол коюу жолу менен бекитилет.
6-берене.
Комплекстуу долбоорлорду долбоорлоо
1. Кытай тарап кытай гранттык долбоорлорунун эсебинен комплекстүү долбоорлорду долбоорлоо үчүн жоопкерчиликтүү болот, мында кыргыз тарап долбоорду ишке ашыруу боюнча эки тарап менен түзүлгөн контрактка ылайык долбоорлоонун экспертизасына катышат.
2. Комплекстүү долбоорлорду долбоорлоо инжиниринг экспедициясынын жана долбоорлоо боюнча ченемдердин жана стандарттардын базасында Кыргыз Республикасынын климаттык, сейсмикалык жана геологиялык шарттарын эске алуу менен кытай тарабынан иштелип чыгат.
3. Конструктивдүү коопсуздукту камсыздоо жана коммуналдык инфратзүмгө кошулуу жагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдетүү талаптар менен Кытай Эл Республикасынын стандаргтарынын талапгарында айырмачылыктар келип чыккан учурда кытай тарап Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алууга милдеттенет.
4. Кыргыз тарап концептүү долбоорлоону бекиткенден кийин кытай тарап кийинки терендетилген долбоорлоону жургузөт жана тендер өткөрүүгө чейин кыргыз тараптын кароосуна жана бекитүүсүнө тендер үчүн чиймелерди берет. Кыргыз тарап ушул документтерди оптималдуу мөөнөттөрдө карайт жана кытай тарапка кароонун жыйынтыктары жөнүндө маалымдайт.
5. Кытай тараптын комплекстүү долбоорлорду долбоорлоо боюнча жумуштарды уюштуруу жана документтерди кыргыз тарапка кароого берүү процессинде Тараптардын ар бири курулуштун макулдашылган масштабын жана техникалык-экономикалык жардамдын көлөмүн контролдоого милдеттүү. Долбоорлоодо курулуш масштабына жана техникалык-экономикалык жардамдын көлөмүнө таасир эткен өзгөрүүлөр пайда болгон учурда Тараптар техникалык негиздеменин негизинде ыйгарым укуктуу органдар менен суйлөшүү жолу аркылуу аларды макулдашат.
7-берене.
Долбоорлорду бекитүү жана ишке ашыруу
1. Тараптар макулдашкан. ТЭНдин жыйынтыктары боюнча жактырылган артыкчылыктуу долбоорлор боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы долбоорлорду бекитүү жөнүндө эки тараптуу документтер макулдашылат жана кол коюлат.
2. Долбоорлор бекитилгенден кийин кытай тарап Кытай Эл Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык тендерлерди өткөрүү жолу менен долбоорлорду ишке ашыруу жана башкаруу боюнча аткаруучулар катары квалификациялуу кытай ишканаларынын арасынан тандоо жүргүзөт.
3. Кытай тараптан дайындалган уюм кыргыз тараптан дайындалган ыйгарым укуктуу орган же уюм менен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча конкреттүү контракт түзөт.
4. Тараптардын ар бири координациялоо үчүн жоопкерчилик тартат жана макулдашууну тузгөн алмашуу каттарьша жана долбоорлорду ишке ашыруу боюнча контракттарга ылайык өзү тараптан дайындалган органдардын же уюмдардын милдеттерди аткаруусун контролдойт.
5. Өзгөчө учурда, Тараптардын ортосунда макулдашуу боюнча башка жол менен долбоорлорду ишке ашыруунун модели болушу мүмкүн.
8-берене.
Чектөө модели боюнча комплекстүү долбоорлорду ишке ашыруу
1. Өзгөчө учурда, Тараптардын макулдашуусу аркылуу макулдашуулардын негизинде, тиешелүү жагымдуу шарттарга ээ комплекстуу долбоорлор чектөө үлгүсү боюнча ишке ашырылышы мүмкүн, башкача айтканда кыргыз тарап ТЭНди иштеп чыгууга жана долбоорду долбоорлоого жооп берет, кытай тарап сунуш кылган кытай ишканаларынын ичинен тендер өткөрүү жолу менен аткаруучу-компанияны тандайт, көзөмөлдү уюштурууну өз алдынча аныктайт жана долбоорду ишке ашырууну уюштурат. Кытай тарап долбоорду башкаруучу компанияны долбоорду жана акча каражаттарын кошо башкарууну ишке ашырууга жөнөтөт.
2. Кыргыз тарап ТЭНди иштеп чыгууга жана долбоорду долборлоого жооп берет жана тиешелуу чыгымдарды взунв алат. Долбоорду долбоорлоону жана курулушту взунун стандарттарын жана ченемдерин жетекчиликке алган кыргыз тарап жургузет. Кыргыз тарап ТЭНди жана долбоорлук документтерди ишке ашырат, ошондой эле тендердин шарттарына жооп берууге тийиш болгон долбоордун сметасын иштеп чыгып, аларды кытай тарапка сунуштайт.
3. Кытай тарап кыргыз тараптан даярдалган документтерди карайт жана бекитет. Зарыл учурда кытай тарап Кыргыз Республикасына долбоордун максатка ылайыктуулугун негиздев боюнча жумуштарды жургузуугв адистердин тобун женвтет. Долбоордун максатка ылайыктуулуту ырасталган учурда Тараптар долбоорду бекитүү боюнча тиешелуу жол-жоболорду жургузет, ал эми Тараптар дайындаган органдар контракт же Тараптардын жоопкерчилиги жана милдеттери так аныкталган долбоорду ишке ашыруу жөнүндө протокол түзүшөт.
4. Долбоорду аткаруучу-компанияны кыргыз тарап кытай тарап сунуштаган кытай ишканаларынын ичинен тендер өткөрүү жолу менен тандап алат, тендер өткөрүү чыгымдарын кыргыз тарап өзунө алат. Долбоорду башкаруучу кытай компаниясы тендер өткөрүү ыкмасына жана процессине тиешелуу контроль жүргзөт, ошондой эле тендердин жыйынтыктарын бекитет. Тендер аяктагандан кийин кыргыз тарап тендерди утуп алган кытай компаниясы менен долбоорду курууга контракт тузөт.
Контракттын жалпы суммасы эки мамлекеттин Өкмөттөрүнүн ортосундагы долбоорлорду бекитүү жөнүндө документтерде шартталган, долбоордун курулуш иштерине капиталдык салымдын чегинен ашпоого тийиш.
Эгерде контракттын жалпы суммасы же долбоорду ишке ашыруу чыгымдары капиталдык салымдын жогоруда көрсөтүлгөн чегинен ашкан учурда, кошумча чыгымдарды кыргыз тарап жабат. Долбоордун курулушуна көзөмөл жүргүзүүнү кыргыз тарап өз алдынча жана өзүнүн эсебинен уюштурат. Долбоорду башкаруучу кытай компаниясы долбоорду ишке ашыруунун толук процессине чектелген түрдө контроль жүргүзөт жана башкарат.
5. Кыргыз тарап контракттын жана долбоорлорду ишке ашыруу графигинин негизинде долбоорду башкаруучу кытай компаниясына гранттык каражаттарды белүүгө өтүнмө берет. Долбоорду башкаруучу кытай компаниясы өтүнмөнү жактыргандан кийин Кытай Эл Республикасынын өкмөтү кытай аткаруучу-компаниясынын улуттук эсебине туздөн-туз акча каражаттарын которот. Мында кытай тарап долбоордун акыркы кепилдик төлөмү катары контракттын жалпы суммасынан 10% өлчөмүндө акча каражатын кармап калат. Кепилдик мөөнөтү аяктагандан кийин кыргыз тарап акыркы төлөмгө акча бөлүүгө өтүнмө берет жана Кытай Эл Республикасынын өкмөтү ушул төлөмдү кытай ишканасына төлөп берет. Кытай Эл Республикасынын өкмөтү долбоорду башкаруучу кытай компаниясынын улуттук эсебине анын тиешелүү чыгымдарын бир жолу төлөйт.
9-берене.
Персонал үчүн жагымдуу шарттар
1. Кыргыз тарап техникалык-экономикалык жардам долбоорлорун ишке ашыруу үчүн кытай тараптан жөнөтүлгөн персоналды (анын ичинде техникалык, жумушчу жана башкаруу персоналы) эки мамлекеттин өкмөттөрү тарабынан макулдашылган кызматтык ишти жүргузүүчү персонал катары карайт жана техникалык-экономикалык жардам долбоорлорун ишке ашыруу үчүн тиешелүү шарттарды түзөт.
2. Кыргыз тарап Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарынын алкагында кытай персоналынын кирүүсү, чыгуусу жана Кыргыз Республикасында иш жүргузүүсү үчүн документтерди тариздееге жардам керсетет.
3. Кыргыз тарап Кыргыз Республикасынын аймагында техникалык-экономикалык жардам долбоорлорун ишке ашыруу убагында кытай персоналын киреше салыгын телееден бошотот.
Кыргыз тарап Кыргыз Республикасында техникалык-экономикалык жардам долбоорлорун ишке ашыруу убагында кытай персоналын камсыздандыруу тегумдерун төлөөдөн бошотот.
10-берене.
Бажыдан отуу жана салыктардан бошотуу
1. Кыргыз тарап техникалык-экономикалык жардам долбоорлорун ишке ашыруу үчүн ташылып келген товарларды (материалдарды, техниканы жана жабдууну) жана техникалык-экономикалык жардам долбоорлорун ишке ашыруу убагында кытай персоналынын тиричилик колдонуусу үчүн ташылып келген товарларды Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарынын алкагында бажылык тариздөөгө көмөк көрсөтөт.
2. Кыргыз тарап ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды алымдарды, салыктарды жана башка жыйымдарды төлөөдөн бошотот.
11-берене.
Долбоорлорду өткөрүү-кабыл алуу
1. Долбоорлор аяктагандан кийин долбоорлорду ишке ашыруучу Кытай тараптын аткаруучусу жана Кыргыз тараптын бенефициары чогуу техникалык текшерүү жүргүзүшөт жана техникалык өткөрүү-кабыл алуу актын түзүшөт, бул долбоорлорду ишке ашыруу боюнча контрактта каралтан бардык милдеттенмелерди аткарууга негиз болуп кызмат кылат.
2. Чогуу техникалык текшерүү жүргүзүүдөн жана техникалык өткөрүү-кабыл алуу актысын түзүүдөн кийин Тараптардын аткаруучу уюмдары же Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары ар бир артыкчылыктуу долбоор боюнча өкмөттөр аралык Макулдашууну аткаруунун негизи катары өкмөттөр аралык өткөрүп берүү-кабыл алуу актысын тузүүгө тийиш.
3. Долбоорлорду ишке ашыруу боюнча контрактта аныкталган кепилдик мезгил техникалык өткөрүү-кабыл алуу актысына кол коюлган кундөн баштап эсептелет.
12-берене.
Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана чечмелөө маселелери
12.1. Тараптардын өз ара макулдуту боюнча ушул Макулдашууга өзүнчө протоколдор менен таризделген, ушул Макулдашуунун ажырагыс белуктеру болуп саналган өзгертуулер же толуктоолор киргизилиши мумкун.
12.2. Ушул Макулдашууну чечмелөө же колдонуу туурасында бардык талаш маселелер Тараптардын ортосунда суйлөшүүлөрдү жүргүзүү же кеңешүүлөр жолу менен чечилет.
13-берене.
Күчүне кирүүсу, мөөнөттөрү жана колдонууну токтотуу
Ушул Макулдашуу Тараптардын анын күчүнө кирүүсү үчүн керектүү мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө кат жүзүндө акыркы билдирүүнү дипломатиялык каналдар боюнча алган күндөн баштап күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу белгисиз меенетке түзүлөт жана Тараптардын бири экинчи Тараптын аны колдонууну токтотуу ниети жөнүндө кат жүзүндөгү билдирүүсүн алган күндөн баштап алты ай өткөнгө чейин күчүндө болот.
Эгер Тараптар башкасы жөнүндө макулдашпаса, ушул Макулдашуунун ишин токтотуу, аны колдонуу мөзгилинде макулдашылган программаларды жана долбоорлорду аткарууга таасирин тийгизбейт.
шаарында 201_ -жылдын «_»______, ар бири кыргыз, кытай жана орус тилдеринде эки туп нускада түзүлдү, бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү үчүн | Кытай Эл РеспубликасынынӨкмөтү үчүн
|
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-мартындагы № 120-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 29-сентябры № 424-б
1. Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эки тараптуу техникалык- экономикалык жардам долбоорлорун ишке ашыруудагы кызматташуунун алкактары жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрду жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
|
Долбоор |
Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Кытай Эл
Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Эки тараптуу
техникалык-экономикалык жардам долбоорлорун ишке
ашыруудагы кызматташуунун алкактары жөнүндө макулдашуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн | Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү үчүн
|
К