Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2014-жылдын 26-майы № 237
Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 29-декабрындагы № 924 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктта:
алтынчы абзацындагы "Жээналы уулу Алмазбек" деген сөздөр "Жээналиев А.Ж." деген сөздөргө алмаштырылсын;
он биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана регионду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин өз ара аракеттенүү жана жергиликтүү башкаруу органдарын координациялоо башкармалыгынын башкы адиси" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин региондор аралык бөлүмүнүн башкы адиси - Ош шаарындагы өкүл" деген сөздөргө алмаштырылсын;
он экинчи абзац күчүн жоготту деп эсептелсин;
он тогузунчу абзацындагы "Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жеке турак жай курулушу бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча)" деген сөздөр "Ош шаарынын мэриясынын Жеке турак жай куруу, жер пайдалануу жана турак жай маселелери боюнча департаментинин директорунун орун басары (макулдашуу боюнча)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын курамында:
курамга төмөнкүлөр киргизилсин:
Мамбетов Т.М. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Юсупов Б.Ю. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Тешебаев М.Ж. - Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Ормонов Ж. - Ош шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Монокбаев Р.Б. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
Момунов С.Э. - Ош шаарынын мэриясынын шаар куруу, муниципалдык менчик жана туризмди өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча);
Жамшитов А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаментинин Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын начальниги;
Туменова М. - Ош облусунун коомчулугунун өкүлү (макулдашуу боюнча);
- курамдан Нарбаев К.Ж., Жээнбеков Ж.Ж., Мырзаматов P.M., Рахманов Э.А., Муратов Т.К., Тейитбаева А., Касымова Р. чыгарылсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |