Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 29-декабры № 924
(КР Премьер-министринин 2014-жылдын 26-майындагы № 237, 2016-жылдын 3-августундагы № 442 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Жеке турак жай куруу үчүн жер участкаларын бөлүп берүүгө муктаж жарандардын тизмесин түзүү жана бекитүү боюнча иштерди тартипке келтирүү жана уюштуруу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы № 82 "Ош шаарынын жана Ош облусунун Кара-Суу, Араван райондорунун аймактарында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" жана "Токой фондусунун жерлери" категорияларынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында:
1. Төмөнкү курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Мамбетов Т.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Шамканов К.К. | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Бусурманкулов Э.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Карагозуев С.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаментинин Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын начальниги; |
Омурзаков С.А. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары; |
Исабеков Н.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директору; |
Жолдошев Р.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин региондор аралык бөлүмүнүн башкы адиси - Ош шаарындагы өкүл; |
(Он экинчи абзац КР Премьер-министринин 2014-жылдын 26-майындагы № 237 буйругуна ылайык күчүн жоготту) | ||
Токтосунов Ж.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын Ош облустук филиалынын директору; |
Сатыбалдиев Т.А. | - | Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары; |
Базарбаев Ш.А. | - | Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын уюштуруу иштери секторунун башчысы; |
Пирматов А.А. | - | Ош шаарынын мэриясынын Жеке турак жай куруу, жер пайдалануу жана турак жай маселелери боюнча департаментинин директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
Эрмамбетова Р.А. | - | Ош шаарынын коомчулугунун өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Кочкорбаева Н.К. | - | Ош шаарынын коомчулугунун өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Агзамов Э.Р. | - | Ош шаарынын коомчулугунун өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Келдибекова М. | - | Ош облусунун коомчулугунун өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Кадырова Ж. | - | Ош облусунун коомчулугунун өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Апиева А. | - | Ош облусунун коомчулугунун өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Юсупов Б.Ю. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Ормонов Ж. | - | Ош шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Монокбаев Р.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; |
Момунов С.Э. | - | Ош шаарынын мэриясынын шаар куруу, муниципалдык менчик жана туризмди өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча); |
Туменова М. | - | Ош облусунун коомчулугунун өкүлү (макулдашуу боюнча). |
(КР Премьер-министринин 2014-жылдын 26-майындагы № 237, 2016-жылдын 3-августундагы № 442 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
2. Ведомстволор аралык комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр аныкталсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына, Ош облусунун Кара-Суу жана Араван райондорунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларына жана Ош шаарынын мэриясына кайрылгандардын ичинен жеке турак жай куруу үчүн жер участкаларына муктаж болгон жарандарды иликтөө жана тизмесин бекитүү;
- Ош облусунун Кара-Суу жана Араван райондорунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларына жана Ош шаарынын мэриясына бекитилген тизмеге ылайык жеке турак үй куруу үчүн жер участкаларын бөлүү боюнча иштерди уюштурууга көмөк көрсөтүү.
3. Ведомстволор аралык комиссияга мамлекеттик органдардын жана мекемелердин кызматкерлерин ишке тартууга, ошондой эле зарыл маалыматтарды сурап алууга укук берилсин.
4. Бул буйруктун 2-пунктунун экинчи абзацында аталган тизмелерди белгиленген тартипте түзүү үчүн жеке жоопкерчилик Ош облусунун Кара-Суу жана Араван райондорунун жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына жана Ош шаарынын мэрине жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 28-майындагы № 474 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жана уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |