Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2009-жылдын 26-февралы № 34
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-статьясына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентинин XI бөлүмүнө ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 27-апрелиндеги № 252 "Мамлекеттик мүлктүн приватташтырылуучу негизги фонддорун (каражаттарын) кайра эсептөөнүн жаңы коэффициенттерин колдонууга киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 22-ноябрындагы № 830 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 27-апрелиндеги № 252 "Мамлекеттик мүлктүн приватташтырылуучу негизги фонддорун (каражаттарын) кайра эсептөөнүн жаңы коэффициенттерин колдонууга киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пунктун колдонуу жөнүндө тиркелген түшүндүрмө бекитилсин.
2. Бул буйрук Кыргыз Республикасынын тийиштүү министрликтерине, мамлекеттик комитеттерине, администрациялык ведомстволоруна жана аткаруу бийлигинин башка органдарына жиберилсин.
Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н.Айтмурзаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министринин 2009-жылдын 26-февралындагы № 34 буйругу менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 27-апрелиндеги № 252 "Мамлекеттик мүлктүн приватташтырылуучу негизги фонддорун (каражаттарын) кайра эсептөөнүн жаңы коэффициенттерин колдонууга киргизүү жөнүндө" токтомунун 614} 1-пункту менен мамлекеттен ажыратылчу жана менчиктештирилчү объекттердин мүлктүк комплексинин нарктык баасын аныктоо үчүн негизги фонддордун (каражаттардын) калдык наркын кайра эсептөөнүн 1994-жылга жана 1995-жылдын I кварталына карата коэффициенттери бекитилген. Мамлекеттен ажыратылчу жана менчиктештирилчү турак эмес имараттардын, курулмалардын, өткөрүүчү түзүлүштөрдүн калдык наркын аныктоо үчүн негизги фонддордун (каражаттардын) калдык наркын кайра эсептөөнүн "5" коэффициенти белгиленген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 22-ноябрындагы № 830 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 27-апрелиндеги № 252 "Мамлекеттик мүлктүн приватташтырылуучу негизги фонддорун (каражаттарын) кайра эсептөөнүн жаңы коэффициенттерин колдонууга киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пункту менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 27-апрелиндеги № 252 "Мамлекеттик мүлктүн приватташтырылуучу негизги фонддорун (каражаттарын) кайра эсептөөнүн жаңы коэффициенттерин колдонууга киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалган:
1. Мамлекеттен ажыратылуучу жана менчиктештирилүүчү объектилердин мүлк комплексинин баалануу наркын аныкташ үчүн негизги фондулардын (каражаттардын) калдык наркын кайра эсептөө коэффициенттери 1994-жылга жана 1995-жылдын I кварталына № 1, 2, 3-тиркемелерге ылайык бекитилсин жана аракетке келтирилсин.".
№ 1 жана 2-тиркемелер да жаңы редакцияда баяндалган.
Мамлекеттен ажыратылчу жана менчиктештирилчү турак эмес имараттардын, курулмалардын, өткөрүүчү түзүлүштөрдүн калдык наркын аныктоо үчүн негизги фонддордун (каражаттардын) калдык наркын кайра эсептөөнүн коэффициенти да "5" болуп белгиленген.
Башкача коэффициенттерди колдонуу каралган эмес.
Мында турак эмес имараттардын, курулмалардын, өткөрүүчү түзүлүштөрдүн калдык наркын кайра эсептөөнүн башкача коэффициентин колдонуу каралган эмес.
Калдык нарк Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фондунун 1994-жылдын 3-октябрындагы № 11-251 токтому менен бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен 1994-жылдын 6-ноябрында макулдашылган Методикалык көрсөтмөлөрдүн "V. Калдык нарк" бөлүмүндө белгиленген тартипте аныкталган.