Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2009-жылдын 6-марты № 37
Бишкек шаарынын райондор аралык соту 2009-жылдын 26-январында К.С.Исабековдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүнөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 31-декабрындагы N 835 "Кумтөр" долбоорун реструктуралаштыруу жөнүндө" токтомун жокко чыгаруу жөнүндө берген доомат арызын сот өндүрүшүнө кабыл алуу жөнүндө аныктама чыгарганына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-январындагы N 2 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы N 612 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтомунун 2-пунктуна таянуу менен:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрлык кызмат бөлүмүнүн соттук органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча секторунун эксперти Арабаев Манас Матаевичке аталган иш боюнча бардык соттук инстанциялардагы соттук заседаниелерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.
Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары |
М.Сатыбеков |