Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2014-жылдын 24-октябры ПБ № 183
Кыргыз Республикасынын жана Түркмөнстандын ортосундагы Достук, өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө келишимдин тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү эске алуу менен жактырылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |
Долбоор
Кыргыз Республикасы жана Түркмөнстан мындан ары "Жогорку Макулдашуучу Тараптар" деп аталып,
эки элдин ортосундагы салтты, өз ара түшүнүшүүнү жана сый-урматты негизге алып,
теңдик, адилеттүүлүк жана өз ара түшүнүшүү принциптеринде мамлекеттер аралык мамилелерин түзүүгө чечкиндүү умтулуп,
тең укуктуу, өз ара пайдалуу жана ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө умтулууну жетекчиликке алып,
Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын максаттарын жана принциптерин, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин жактаарын ырастап,
төмөндөгүлөр боюнча макулдашты:
1-берене.
Жогорку Макулдашуучу Тараптар өз ара ишеним жана урматтын негизинде, өз ара кызыкчылыктарды эске алуу менен эки ортодогу кызматташууну өнүктүрүүгө милдеттенишет.
Жогорку Макулдашуучу Тараптар эки мамлекеттин элдеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана достукту бекемдөөгө өбөлгө түзүшөт.
2-берене.
Жогорку Макулдашуучу Тараптар эл аралык коопсуздукту камсыздоо, жаңжалдарды болтурбоо жана эки мамлекеттин ортосундагы эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринин жана ченемдеринин артыкчылыктарын камсыздоо үчүн бардык күч-аракеттерди жумшайт.
3-берене.
Жогорку Макулдашуучу Тараптардын ар бири анын аймагында жашаган экинчи Жогорку Макулдашуучу Тараптын жарандарына алардын улутуна, тегине, диний мамилесине жана башка айырмачылыктарга карабастан, өз мыйзамдарына жана Жогорку Макулдашуучу Тараптар катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык, жарандык, саясий, социалдык, экономикалык жана маданий укуктарга жана эркиндиктерге кепилдик берет.
Жогорку Макулдашуучу Тараптардын ар бири экинчи Жогорку Макулдашуучу Тараптын аймагында жашаган өз жарандарынын укуктарын коргоо, аларга жалпы таанылган эл аралык укуктун принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле Жогорку Макулдашуучу Тараптардын ар биринин мыйзамына ылайык колдоо көрсөтүү укугун тааныйт.
4-берене.
Жогорку Макулдашуучу Тараптар пикир алмашуу, эки тараптуу мамилелер маселелерин карап чыгуу жана чечүү жана өз ара кызыкчылык жараткан эл аралык көйгөйлөрдү талкуулоо максатында тиешелүү деңгээлдерде консультацияларды жүргүзөт.
Жогорку Макулдашуучу Тараптар бул жааттарда өз позицияларынын кыйла жакындашуусуна мүмкүн болушунча умтулушат жана зарылдыкка жараша биргелешкен же макулдашылган аракеттерди жүргүзөт.
Ушул максаттарда Жогорку Макулдашуучу Тараптардын макулдугу боюнча жогорку деңгээлде жолугушуулар жана ар кандай деңгээлде консультациялар жүргүзүлөт.
5-берене.
Жогорку Макулдашуучу Тараптардын ар бири экинчи Жогорку Макулдашуучу Тараптын эгемендигине, көз карандысыздыгына жана аймактык бүтүндүгүнө зыян келтирген кандай гана иш-аракеттер болбосун аны колдоодон же ага катышуудан карманат.
Жогорку Макулдашуучу Тараптардын эч бири өз аймагын башка мамлекеттин же экинчи Жогорку Макулдашуучу Тараптын коопсуздугуна зыян келтирген адамдардын тобунун пайдалануусуна жол бербейт.
Жогорку Макулдашуучу Тараптардын биринин пикири боюнча анын коопсуздугун козгогон же эл аралык тынчтыкка жана коопсуздукка коркунуч жараткан кырдаал келип чыккан учурда, Жогорку Макулдашуучу Тараптар түзүлгөн кырдаалды карап чыгуу жана жөнгө салуу максатында токтоосуз консультацияларды өткөрөт.
6-берене.
Жогорку Макулдашуучу Тараптар БУУда жана башка эл аралык, анын ичинде экономикалык, финансылык уюмдарда өз ара аракеттенишет.
Жогорку Макулдашуучу Тараптар мүчө болуп саналган эл аралык уюмдардын алкагында, зарыл болсо биринчи кезекте Бириккен Улуттар Уюмунда өз позициясын өтө толук жакындатуу
жана ушул уюмдун алкагында кабыл алынган чараларды натыйжалуу ишке ашырууну камсыздоо максатында кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшөт.
7-берене.
Жогорку Макулдашуучу Тараптар өз мыйзамдарына ылайык жана кабыл алынган эл аралык милдеттенмелерди эске алуу менен аскердик-техникалык тармакта эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрөт жана бекемдейт.
8-берене.
Улуттук мыйзамга ылайык жана эл аралык милдеттерден келип чыккан укуктарга жана милдеттерге зыян келтирбестен, Жогорку Макулдашуучу Тараптар алар үчүн өз ара кызыкчылык жана пайда алып келүүчү бардык жааттарды кызматташууну өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн күч-аракет жумшайт.
Кызматташуу тактап айтканда төмөнкү тармактарда, бирок чектелбестен ишке ашырылат:
а) айыл-чарба;
б) мунай зат, газ жана минералдык ресурстар;
в) энергетика жана энергоресурстар;
г) транспорт жана телекоммуникациялар;
д) спорт жана туризм;
е) технологиялар жана инновациялар;
ж) соода, маданият жана билим берүү.
9-берене.
Жогорку Макулдашуучу Тараптар соода, экономикалык жана илимий-техникалык мамилелер тармагында тең укуктуу жана өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрөт.
Жогорку Макулдашуучу Тараптар колдонулуп жаткан эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү жана жакшыртуу үчүн тийиштүү чараларды кабыл алат.
Жогорку Макулдашуучу Тараптардын соода-экономикалык мамилелеринде бири-бирине карата басмырлоочу чараларды колдонушпайт.
Жогорку Макулдашуучу Тарап экинчи Жогорку Макулдашуучу Тарапка экономикалык зыян келтирген аракеттерден карманып, экинчи Жогорку Макулдашуучу Тараптын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына таасир тийгизген экономикалык чечимдерди алдын-ала маалымдайт.
Жогорку Макулдашуучу Тараптар эки мамлекеттин тең улуттук мыйзамдарына ылайык, алардын ар кандай менчик формаларындагы экономикалык ишмердиктин субъекттеринин ортосундагы экономикалык жана соода мамилелерин өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылат.
10-берене.
Жогорку Макулдашуучу Тараптар өз ара кызыкчылыктарды жараткан маселелер боюнча маалыматтар менен туруктуу негизде алмашышат.
11-берене.
Жогорку Макулдашуучу Тараптар эки мамлекеттин парламенттеринин ортосундагы кызматташууга көмөк көрсөтөт.
12-берене.
Жогорку Макулдашуучу Тараптар билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, илим жана техника жаатында кызматташууну өнүктүрөт жана тереңдетет.
Жогорку Макулдашуучу Тараптардын ар бири экинчи Жогорку Макулдашуучу Тараптын илимий, техникалык жана маданий жетишкендиктери менен өз калкын тааныштырууга өбөлгө түзөт.
Жогорку Макулдашуучу Тараптар бардык кызыкдар болгон жактарга экинчи Жогорку Макулдашуучу Тараптын тилин, маданиятын, адабиятын жана тарыхын үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн күч-аракет жумшайт.
Жогорку Макулдашуучу Тараптардын элдеринин ортосундагы мыкты өз ара түшүнүшүүнү камсыздоо максатында жалпыга маалымдоо каражаттары жаатындагы кызматташууну өнүктүрөт.
Жогорку Макулдашуучу Тараптар билим берүү, маданият, илим жана техника жаатындагы биргелешкен программаларды туруктуу негизде иштеп чыгууга көмөк көрсөтөт, аларда Жогорку Макулдашуучу Тараптардын компетенттүү органдарынын катышуусунда алардын кызматташуусун жүзөгө ашыруу шарттарын аныктайт.
13-берене.
Жогорку Макулдашуучу Тараптар айлана-чөйрөнү коргоонун маанилүүлүгүн аңдоо менен бул жаатта тыгыз кызматташып, эл аралык жана аймактык деңгээлде биргелешкен иш-аракеттерди өнүктүрүүгө жардам көрсөтүүгө милдеттенишет.
Жогорку Макулдашуучу Тараптар мамлекеттердин мыйзамына ылайык, жаратылыштык жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, ошондой эле алардын кесепеттерин жоюу тармагындагы кызматташууну өнүктүрөт. Эл аралык макулдашуулардын жана милдеттердин алкагында алар бул жаатта региондук деңгээлде макулдашылган иш-аракеттерге өбөлгө болот.
14-берене.
Жогорку Макулдашуучу Тараптар консулдук маселелер боюнча өз кызматташуусун кеңейтет.
15-берене.
Жогорку Макулдашуучу Тараптар эл аралык укуктун ченемдерине жана өздөрүнүн ички мыйзамдарына ылайык уюшкан кылмыштуулукка, эл аралык террорчулукка, контрабандага, баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, мыйзамсыз миграция жана маданий баалуулуктарды мыйзамсыз ташып чыгууга каршы күрөшүү боюнча иш-чараларда кызматташат.
Жогорку Макулдашуучу Тараптар өз ара кызыкчылык жараткан ушул жана башка ушундай маселелер боюнча кызматташуу жөнүндө өзүнчө макулдашууларды түзөт.
16-берене.
Жогорку Макулдашуучу Тараптар ушул Келишимдин жоболорун сактоо менен эки мамлекеттин шаарлары жана аймактары ортосундагы достук мамиленин түзүлүшүнө дем берет.
17-берене.
Ушул Келишим Жогорку Макулдашуучу Тараптар катышуучусу болуп саналган башка эл аралык келишимдерден келип чыккан алардын укуктарын жана милдеттерин козгобойт.
Ушул Келишимдин жоболору Жогорку Макулдашуучу Тараптардын үчүнчү мамлекетке карата мамилеси боюнча милдеттерге тиешелүү эмес жана алардын эч бирине каршы багытталбайт.
18-берене.
БУУнун Уставынын 102-беренесине ылайык, ушул Келишим БУУнун Катчылыгында каттоого алынууга тийиш.
19-берене.
Жогорку Макулдашуучу Тараптар ушул Келишимдин жоболорун, ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан жааттардагы эл аралык макулдашууларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон башка макулдашууларды өз алдынча түзүшөт.
Жогорку Макулдашуучу Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Келишимге анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет.
Ушул Келишимдин жоболорун чечмелөө жана колдонуу маселелери боюнча келип чыккан пикир келишпестиктер Жогорку Макулдашуучу Тараптар ортосунда сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды жүргүзүү жолу аркылуу чечилет.
20-берене.
Ушул Келишим ратификацияланууга жатат, ратификацияланган грамоталар менен алмашылгандан кийин отуз күндөн соң күчүнө кирет.
Ушул Келишим күчүнө кирген учурдан тартып, 1991-жылдын 16-июлунда Ашхабад шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы жана Түркмөн ССРинин ортосундагы Достук жана кызматташуу жөнүндө келишим өз күчүн жоготот.
Бул Келишим он жылга түзүлөт. Ал Жогорку Макулдашуучу Тараптардын бири экинчи Жогорку Макулдашуучу Тарапка өтүп жаткан он жылдын бүтүшүнө чейин алты айдан кем эмес убакыт ичинде аны колдонууну токтотууга ниети жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоо жолу аркылуу билдирбесе, кийинки он жылдык мезгилге автоматтык түрдө узартылат.
2014-жылдын "__"-_____________ ____________________ шаарында үч түп нускада, кыргыз, түркмөн жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Бул Келишимдин жоболорун талкуулоодо келишпестиктер келип чыккан учурда, Жогорку Макулдашуучу Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алат.
Кыргыз Республикасы үчүн |
| Түркмөнстан үчүн |