Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 23-сентябры № 457
"Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, жарандардын кайрылууларына ыкчам чара көрүү жана калк менен өз ара байланышты жакшыртуу максатында:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- 2013-жылдын IV кварталында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин жарандарды жеке кабыл алуу графиги;
- 2013-жылдын IV кварталында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басарларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчыларынын жарандарды жеке кабыл алуу графиги.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин жарандарды жеке кабыл алуусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн администрациялык имаратынын биринчи кабатындагы 24-кабинетинде, ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басарларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчыларынын жарандарды жеке кабыл алуусу - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Коомдук кабылдамасында жүргүзүлөөрү белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү жарандар койгон маселелерди чечүүгө консультациялык жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгондо Коомдук кабылдамага кызматтык милдеттеринин чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 457 буйругу менен бекитилген |
2013-жылдын IV кварталында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин жарандарды жеке кабыл алуу ГРАФИГИ
№ | Кызматы | Кабыл алуу күнү жана айы | Кабыл алуу убактысы |
1 | Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | 24-октябрь, 28-ноябрь, 26-декабрь | 17.00-19.00 |
2 | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри | 16-октябрь, 20-ноябрь, 18-декабрь | 17.00-19.00 |
3 | Кыргыз Республикасынын коопсуздук, укуктук тартип жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри | 21-октябрь, 18-ноябрь, 16-декабрь | 17.00-19.00 |
4 | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри | 23-октябрь, 27-ноябрь, 25-декабрь | 17.00-19.00 |
5 | Кыргыз Республикасынын социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри | 9-октябрь, 13-ноябрь, 11-декабрь | 17.00-19.00 |
6 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр | 3-октябрь, 17-октябрь, 21-ноябрь, 5-декабрь, 19-декабрь | 17.00-19.00 |
|
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 457 буйругу менен бекитилген |
2013-жылдын IV кварталында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басарларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчыларынын жарандарды жеке кабыл алуу ГРАФИГИ
№ | Кызматы | Кабыл алуу күнү жана айы | Кабыл алуу убактысы |
1 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары | 14-октябрь, 28-октябрь, 11-ноябрь, 25-ноябрь, 9-декабрь, 23-декабрь | 14.00-16.00 |
2 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү | 8-октябрь, 22-октябрь, 12-ноябрь, 26-ноябрь, 10-декабрь, 24-декабрь | 14.00- 16.00 |
3 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү | 10-октябрь, 24-октябрь, 14-ноябрь, 28-ноябрь, 12-декабрь, 26-декабрь | 16.00-17.00 |
4 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары | 9-октябрь, 23-октябрь, 13-ноябрь, 27-ноябрь, 11-декабрь, 25-декабрь | 14.00-16.00 |
5 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы | 10-октябрь, 24-октябрь, 14-ноябрь, 28-ноябрь, 12-декабрь, 26-декабрь | 14.00-16.00 |
6 | Кыргыз Республикасынын ЕврАзЭСтеги туруктуу өкүлү | 4-октябрь, 18-октябрь, 8-ноябрь, 22-ноябрь, 6-декабрь, 20-декабрь | 17.00-18.00 |
7 | Уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы | 11-октябрь, 25-октябрь, 15-ноябрь, 29-ноябрь, 13-декабрь, 27-декабрь | 14.00-16.00 |
8 | Мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы | 11-октябрь, 25-октябрь, 15-ноябрь, 29-ноябрь, 13-декабрь, 27-декабрь | 16.00-17.00 |
9 | Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы | 14-октябрь, 28-октябрь, 11-ноябрь, 25-ноябрь, 9-декабрь, 23-декабрь | 16.00-17.00 |
10 | Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы | 8-октябрь, 22-октябрь, 12-ноябрь, 26-ноябрь, 10-декабрь, 24-декабрь | 16.00-17.00 |
11 | Экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы | 2-октябрь, 16-октябрь, 6-ноябрь, 20-ноябрь, 4-декабрь, 18-декабрь | 14.00-16.00 |
12 | Финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы | 2-октябрь, 16-октябрь, 6-ноябрь, 20-ноябрь, 4-декабрь, 18-декабрь | 16.00-17.00 |
13 | Агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы | 7-октябрь, 21-октябрь, 4-ноябрь, 18-ноябрь, 2-декабрь, 16-декабрь | 14.00-17.00 |
14 | Өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысы | 4-октябрь, 18-октябрь, 8-ноябрь, 22-ноябрь, 6-декабрь, 20-декабрь | 14.00-17.00 |
15 | Региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы | 3-октябрь, 17-октябрь, 21-ноябрь, 5-декабрь, 19-декабрь | 14.00-17.00 |
16 | Социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы | 1-октябрь, 15-октябрь, 5-ноябрь, 19-ноябрь, 3-декабрь, 17-декабрь | 14.00-16.00 |
17 | Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы | 1-октябрь, 15-октябрь, 5-ноябрь, 19-ноябрь, 3-декабрь, 17-декабрь | 16.00-17.00 |
18 | Маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы | 9-октябрь, 23-октябрь, 13-ноябрь, 27-ноябрь, 11-декабрь, 25-декабрь | 16.00-17.00 |