Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2014-жылдын 20-ноябры ПБ № 204
1. Кыргыз Республикасынын жана Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы Жарандык жана коммерциялык иштер боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын юстиция министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |
Долбоор
Кыргыз Республикасы жана Бириккен Араб Эмираттары мындан ары Тараптар деп аталып,
соттук жана укуктук чөйрөдө ийгиликтүү кызматташуу жана эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилелерди мындан ары өнүктүрүү каалоолорун жетекчиликке алып;
жарандык жана коммерциялык иштер боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү зарылдыгын таанып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
1. Ушул Макулдашуунун чегинде, Тараптар өздөрүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык коммерциялык жана жарандык иштер боюнча бири-бирине өз ара жардам көрсөтөт.
2. Ушул макулдашуунун чегинде:
- соттун чакыруу кагаздарын жана башка соттук документтерди тапшырууда же процессуалдык иш-чараларда;
- суроо-талаптардын жардамы менен далилдерди алууда;
- соттук чечимдерди, макулдашууларды жана арбитраждык чечимдерди аткарууда жардам берилет.
3. Ушул Макулдашуу, катышуучулары Тараптар болгон башка эл аралык макулдашуулардын чегинде, тараптардын укуктарын жана милдеттерин козгобойт.
4. Ушул Макулдашуу бардык күчүнө кирген же киргенге чейин пайда болгон коммерциялык же жарандык иштерге тийиштүү өз ара укуктук жардам көрсөтүү тууралуу суроо-талаптарга карата колдонулат.
2-берене.
1. Укуктук жардам жөнүндөгү суроо-талаптар Тараптардын борбордук мамлекеттик органдары аркылуу жүзөгө ашырылат.
2. Бириккен Араб Эмираттарында Борбордук мамлекеттик орган катары Юстиция министрлиги эсептелет. Кыргыз Республикасында, эгерде башкача белгиленбесе, Борбордук мамлекеттик орган катары Юстиция министрлиги эсептелет. Укуктук жардам көргөзүүгө байланышы бар бардык документтер Суратуучу Тараптын соту тарабынан расмий кол коюлуп, Борбордук органы тарабынан күбөлөндүрүлүп, мөөр коюлушу керек.
Бардык суроо-талаптар жана коштомо документтер Суратылуучу Тараптын расмий тилинин бирине же англис тилине которулган коштомосу менен жана эки нускада берилиши керек.
3-берене.
1. Тараптардын сотко чакыруу кагаздары жана башка соттук документтери төмөнкүдөй багытталышы керек:
а) Бириккен Араб Эмираттарына - Юстиция министрлиги аркылуу;
б) Кыргыз Республикасына - Юстиция министрлиги аркылуу.
2. Сотко чакыруу кагаздарды жана башка соттук документтерди тапшыруу Суратылуучу Тараптын мыйзамдары менен каралган тартипте, Суратуучу Тараптын каалоосундагыдай же башка ыкма менен жүзөгө ашырылат, эгерде ушундай ыкма Суратылуучу Тараптын мыйзамдарына каршы келбесе.
3. Ушул Макулдашууга ылайык тапшырылган соттук чакыруу кагаздары жана башка соттук документтер, Суратуучу Тараптын аймагында кабыл алынды деп эсептелинет.
4. Ушул берененин 1-пунктундагы жобо Тараптардын өздөрүнүн кайсы бир мажбурлоо чаралары колдонулбастан башка тараптын аймагында жашаган өзүнүн жарандарына сотко чакыруу кагаздарын жана башка соттук документтерди өзүнүн дипломатиялык же консулдук өкүлдөрү аркылуу тапшыруусуна тоскоолдук кылбайт. Мындай учурларда тапшыруу аккредитациялоочу мамлекет тараптан жоопкерчиликке алып келбейт.
5. Ушул берененин 2-пунктундагы жоболорго ылайык, кандайдыр бир мажбурлоо чаралары колдонулбай эле аларды оз эрки менен алган сотко чакыруу кагаздары жана башка соттук документтер түздөн-түз почта каналдары аркылуу же алуучуга колуна тапшыруу аркылуу жөнөтүлүшү мүмкүн.
6. Мамлекеттин жараны болуп саналган дарек ээси жөнүндө бардык талаптар, соттук тапшырмаларды тапшыруу юрисдикциясына кирген мамлекеттин мыйзамдарына ылайык аныкталышы керек.
4-берене.
Сотко чакыруу кагазын жана башка соттук документтерди тапшыруу жөнүндө суроо-талап дарек ээсине тиешелүү болгон, аты-жөнү жана кызмат орду, жашаган жери же иштеген орду жана жөнөтүлүп жаткан кагаздардын, документтердин тизмеси жөнүндө бардык маалыматтарды өзүнө камтышы керек. Суроо-талапта аны тапшыра турган ыкмасы да көрсөтүлүүгө тийиш.
5-берене.
1. Ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык келген, сотко чакыруу кагаздарды жана башка документтерди тапшырууну, Суратылуучу Тарап суроо-талапты аткаруу менен өзүнүн эгемендүүлүгүн, коопсуздугун же мамлекеттик саясатын бузат деп эсептеген учурда гана четке кагат.
2. Суроо-талапты, суроо талап маанилүү ишти мыйзамдуу негизде колдоого жетишээрлик жүйөө сунуштаган жок деген негизде кабыл албай коюуга жол берилбейт.
3. Ар качан суроо-талапты аткаруу жүзөгө ашырылбай жатканда, Суратылуучу Тарап тез арада Суратуучу Тарапка анын себептери жөнүндө билдирет.
6-берене.
1. Суратылуучу Тараптын компетенттүү органы, көрсөтүлгөн документтерди жана кагаздарды ушул мамилелерде колдонулуучу мыйзамдардын жана тартиптердин негизинде жөнөтөт. Мындай кызмат көргөзгөн үчүн эч кандай төлөмдөр жана жыйымдар алынбайт.
2. Тапшыруу Суратуучу Тарап менен көрсөтүлгөн атайын метод же ыкма менен, тапшыруунун ушундай ыкмасы боюнча чыгымдарды төлөп берүүгө жана Суратылуучу Тараптын мыйзамдарына каршы келбейт деген шартта жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
7-берене.
1. Суратылуучу Тараптын компетенттүү органынын ыйгарым укуктары, дарек ээсине кагаздарды жана соттук документтерди жеткирип берүүдө чектелиши керек.
2. Жеткирип берүү компетенттүү орган тарабынан берилген же маалымкат, же кагаз, же соттук документтердин көчүрмөсүнө дарек ээсинин кол тамгасы менен ырасталган болушу керек, ал документте дарек ээсинин аты-жөнү, убактысы жана жеткирип берүү ыкмасы көрсөтүлөт, ал эми жеткирилбей калса, жетпей калышынын себептери көрсөтүлөт.
3. Дарек ээсинин колу коюлган соттук документтер же кагаздар, же даректелгенге жеткирип берүүнү ырастаган маалымкат, суратуучу органга бийликтин борбордук органы аркылуу жөнөтүлөт.
8-берене.
1. Тараптын соттук органдары, ушул Тараптын мыйзамдарынын жоболоруна ылайык башка Тараптын компетенттүү сот органдарынын дарегине багытталган суроо-талаптын жардамы менен коммерциялык жана жарандык иштер боюнча далилдерди сурай алат.
2. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн далилдерди алуу өзүнө төмөндөгүлөрдү камтыйт:
а) күбөдөн көрсөтмөлөрдү ант бердирип же башкача мүнөздө алуу;
б) бардык соттук териштирүүлөр жөнүндөгү антка күбөнү алып келүү;
в) жогоруда көрсөтүлгөн (а) жана (б) пунктчаларына ылайык далилдик көрсөтмөлөрү алынып жаткан жак менен берилген далилдерге тийиштүү үлгүлөрдү, жазууларды, сунуштама документтерди идентификациялоо же текшерүү.
3. Суроо-талапта:
а) далилди сураган соттук же башка компетенттик орган;
б) ишке тиешеси бар жана бардык зарыл маалыматтарды, далилдерди талап кылган иштин маңызы;
в) соттук териштирүүдөгү тараптардын аттары жана даректери;
г) алына турчу далилдер;
д) сурала турган жактардын даректери жана аттары көрсөтүлөт.
4. Керек болгон учурда суроо-талап иштин маңызы жөнүндө арыз, ошого карата Суратылуучулар же башка жактарга катыштыгы бар же күбөлөргө берилүүгө зарыл болгон суроолордун тизмесин, ошондой эле арыздарга же далилдерге тиешелүү документтерди камтышы керек.
5. Суроо-талапта күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү кандай ыкма менен алынгандыгы, ант берүү же салтанаттуу билдирүү менен болгондугу көрсөтүлүшү зарыл.
9-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорунун негизинде комиссия жолу менен жүзөгө ашырылуучу соттук териштирүүлөр, Суратуучу Тараптын компетенттүү органы менен кандай жүзөгө ашырылса, ошондой эле юридикалык күчкө ээ болот.
10-берене.
1. Суратылуучу Тараптын компетенттүү органдары суроо-талаптарды өздөрүнүн улуттук мыйзамдарынын негизинде аткарышы зарыл жана улуттук мыйзамдарында каралган жол-жоболорду жана методдорду колдонуу жолу менен ушундай эле тийиштүү мажбурлоо методдорун кошкондо, талап кылынган далилдерди алат.
2. Суратылуучу Тарап, өзүнүн мыйзамдарына жана тажрыйбасына ылайык келген ченемде, суроо-талапта так көрсөтүлгөн, өзү каалаган атайын метод же жол-жобону колдонушу керек.
3. Суроо-талап кыска мөөнөттө аткарылууга тийиш.
4. Суратуучу Тарап, эгерде аны өзү кааласа териштирүүнүн өткөрүү орду, убактысы жөнүндө, катышуучу тараптар жана алардын өкүлдөрү бар болсо, катышууга мүмкүн болуш үчүн, кабарланышы зарыл. Бул маалымат, эгерде Суратуучу Тарап ушундай өтүнүч менен кайрылса, түздөн түз тараптарга жана алардын өкүлдөрүнө багытталышы керек.
5. Суроо-талапты аткаргандан кийин, анын аткарылгандыгын тастыктаган тиешелүү документтер Суратуучу Тарапка жөнөтүлөт.
6. Суроо-талап толук көлөмдө аткарылбаганда же жарым жартылай аткарылган ар бир учурда, Суратуучу Тарап аткарбоонун себептери жөнүндө маалымдалат.
11-берене.
1. Суроо-талапты аткаруудан баш тартуу төмөнкүдөй учурларда болушу мүмкүн, эгерде:
а) суроо-талапты аткаруу соттук органдын милдеттерине кирбесе; же
б) Суратылуучу Тарап, суроо-талапты аткаруу анын эгемендүүлүгүнө же коопсуздугуна зыян келтирет деп эсептесе.
2. Өзүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык Суратылуучу Тарап териштирүү предметине карата өзгөчө юрисдикцияны талап кылышы же анын улуттук мыйзамдары доо көрсөтүү укугун тааныбай тургандыгы боюнча гана суроо-талапты аткаруудан баш тартууга жол берилбейт.
12-берене.
Суратылуучу Тараптан суроо-талапты аткаруу жана далилдерди алуу, чыгымдарды, сарптоолорду жана жыйымдардын ордун толтурууга Суратуучу Тараптын туюндурмасына карабастан алып келбеши зарыл. Бирок, Суратылуучу Тарап төмөнкүдөй учурда ордун толтурууну талап кылууга укуктуу:
а) котормочуларга, эксперттерге же күбөлөргө төлөнгөн төлөмдөрдү же кайсы бир чыгашаларды;
б) өз каалоосу менен келбеген күбөлөрдүн катышуусун камсыз кылуу үчүн тарткан кайсы бир чыгашаларды; жана
в) суроо-талап боюнча атайын жол-жоболорду колдонууга байланыштуу, сарптоолорду жана бардык чыгымдарды.
13-берене.
Тараптардын биринин консулдук же дипломатиялык кызмат адамдары, ал атынан иштеген Тараптын жарандарына мажбурлоо чараларын колдонбой туруп, башка Тараптын аймагында ал атынан иштеген Тараптын сотторунда башталган соттук териштирүүлөрдүн максаттары үчүн маалыматтарды алса болот.
14-берене.
Тараптардын соттору менен ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары дайындалган жактар, башка Тараптын аймагында ушул Тараптын мыйзамдарына ылайык маалыматтарды мажбурлоосуз чогулта алат.
15-берене.
1. Ар бир Тарап өзүнүн мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн чегинде кабыл алынган жарандык иштер боюнча чечимдерди, ошондой эле башка Тараптын коммерциялык, жарандык жана жеке иштер боюнча соттук чечимдерин аткарууга же/жана таанууга милдеттүү.
2. "Чечим" термини ушул Макулдашуунун тексти боюнча колдонууда, Тараптардын компетенттүү сотторунун соттук териштирүүлөрүнүн жүрүшүндө чыгарылган бардык чечимдерди түшүндүрөт.
3. Ушул Макулдашуу соттук коромжулар жана салык салууга байланыштуу иштерден башка, камсыздандыруучу же убактылуу чараларга карата колдонулбайт.
16-берене.
Жактардын жарандын укукка жөндөмдүүлүгү же статусу жөнүндө маселелерге тиешелүү талаш-тартыштарда Тараптын соттору, өндүрүштүн башталган учурунда ушул Тараптын жараны болсо, ушул иштер боюнча өндүрүштү жүзөгө ашырууга укуктуу болот.
17-берене.
Тараптын соттору, анын аймагында жайгашкан кыймылсыз мүлк менен байланышкан мүлктүк укуктарды аныктоого укуктуу.
18-берене.
Жактардын жарандын укукка жөндөмдүүлүгү же статусу же кыймылсыз мүлк болбогон башка маселелер боюнча Тараптын соттору төмөнкү учурларда юрисдикцияга ээ болушат:
а) эгерде жоопкер соттук өндүрүштүн башталган учурунда, ушул Тараптын аймагында убактылуу же туруктуу жашаган жери бар болсо;
б) же жоопкер соттук өндүрүштүн башталган учурунда, ушул тараптын аймагында киреше алуу максатында иштесе же коммерциялык же өндүрүш объекти же филиалы бар, жана соттук өндүрүш ушундай ишмердүүлүк менен байланышкан болсо;
в) же доочунун жана жоопкердин ортосундагы түз же кыйыр макулдашуу боюнча соттук териштирүүлөр үчүн негиз болуп саналган келишимдик милдеттенмелер ушул тараптын аймагында аткарылса же аткарылышы керек болсо;
г) же келишимдик эмес милдеттенме учурда, иш-аракет ушул Тараптын аймагында жүргүзүлсө;
д) же жоопкер ушул Тараптын юрисдикциясына түз же кыйыр түрдө туш келсе жана бул ушул Тараптын мыйзамдарына ылайык келсе;
е) эгерде ушул Макулдашуунун жоболорунун негизинде талаш тартыштын предметин кароо үчүн ушул Тараптын соттору укуктуу деп таанылса, же убактылуу чара колдонуу жөнүндөгү кандайдыр бир өтүнүч берилсе.
19-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык, чечимдерди аткаруу же таануу жөнүндө өтүнүч алган Тараптын соттору башка Тараптын соттору менен сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруу үчүн негиздерди кароодо ушул чечимдеги бекитилген жана сот өндүрүшү негизделген фактыларга таянат, буга чечим сырттан кабыл алынган башка учурлар кирбейт.
20-берене.
Чечим төмөнкү учурларда аткарылбайт жана таанылбайт:
а) эгер ал биротоло эмес же аткарылбас болсо;
б) же эгерде ал компетенттүү соттук орган тарабынан чыгарылбаса;
в) же эгерде ал иштин маңызы боюнча чыгарылбаса;
г) же ишти кароодо ага карата колдонулуучу мыйзам Суратылуучу Тараптын мыйзамдарын таануудан баш тартуу же эл аралык мыйзамдарды туура эмес түшүнгөндөн келип чыккан өндүрүш болсо;
д) же соттук териштирүүдө кабыл алынган соттук чечим табигый укуктун принциптерине каршы келсе;
е) же ал алдамчылык жол менен алынса;
ж) Суратылуучу Тараптын аймагында конституциялык ченемдерге жана укук тартибинин принциптерине каршы келсе же ал колдонуудагы мыйзамдарды бузгандыгы жөнүндөгү доону канааттандырса;
з) же ал Суратылуучу Тараптын аймагында аракетке жөндөмсүз жактардын юридикалык өкүлчүлүгүнө тийиштүү эрежелерге каршы турса;
и) же ал сырттан кабыл алынган жана сотко келбеген тарап, ошол тараптын мыйзамдарына ылайык сотко чакыруу кагазы менен талаптагыдай сотко чакырылбаса;
к) же, ошол эле талаш-тартыштын предмети боюнча жана ошол эле тараптардын ортосундагы талаш-тартыш, ал боюнча чечим кабыл алынган, Суратылуучу Тараптын аймагында соттун кароосунда жаткан жана соттук териштирүү Тараптын сотунун сот өндүрүшү башталганга чейинки соттук териштирүү, соттун акыркы тарабында чечим кабыл алган жана соттук өндүрүштү баштаган сот ишти кароого жана ал боюнча чечим чыгарууга укуктуу.
21-берене.
Чечимдин аткарылуусуна же таанылуусуна байланышкан жол-жоболор Суратылуучу Тараптын мыйзамдарын эске алуу менен колдонулат.
22-берене.
1. Чечимди аткаруу же таануу боюнча Суратылуучу Тараптын компетенттүү соттук органы, ушул макулдашууда каралган чечимдин шарттарына ылайыктуу иштин маңызын карабай туруп чектелиши зарыл.
2. Суратылуучу Тараптын компетенттүү соттук органы керек болгон учурда чечимди аткарууда ушундай түрдө чечим жөнүндө билдирүү боюнча керектүү чараларды көрүүсү зарыл, өзүнүн өлкөсүнүн аймагында чечимди кабыл алгандагыдай.
3. Аткаруу тууралуу токтомду, чечимдин баарына же бөлүгүнө карата кабыл алышы мүмкүн, эгерде чечимди аткарууну бөлүп кароого мүмкүн болсо.
23-берене.
Башка Тараптын аймагында чечимди аткаруу же таануу жөнүндө өтүнүч менен кайрылган Тараптардын борбордук органы төмөнкүлөрдү жөнөтүүгө тийиш:
а) чечимдин расмий көчүрмөсүн;
б) чечим акыркы жана аткарылууга тийиш деген маалымкатты, эгерде бул чечимдин өзүндө көрсөтүлбөсө;
в) соттун чечими сырттан чыгарылган учурда, жоопкер талаптагыдай сотко чакырылгандыгын тастыктаган документти же соттук чакыруу кагаздын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн;
г) эгерде суроо-талап чечимдин аткарылышын гана караса, талаптагыдай аткарылган формада расмий көчүрмөсүн.
24-берене.
1. Өзүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык доолорду кароого укугу бар ар Тараптын соттук органдары менен түзүлгөн жана берилген дооматтарды чечүү Суратылуучу Тараптын укук тартибинин негизине же конституциялык ченемдерине карама-каршы келбесе жана ал кандайдыр-бир жоболорду өзүнө камтыбаса, ал жасалган мамлекетте аткарылууга тийиш экендиги тууралуу тастыктаманы алгандан кийин, башка тараптын аймагында аткарылууга жана таанылууга тийиш.
2. Чечимди аткаруу же таануу жөнүндө өтүнүч кылган Тарап чечим канааттандырылган же жөнгө салынган, эгерде ал болсо, деңгээли көрсөтүлгөн соттук органдан маалымкат жана расмий көчүрмө берүүгө тийиш.
25-берене.
1. Ушул Макулдашуунун 25 жана 26-беренелеринин жоболорун чектебестен, ар Тараптын аймагында чыгарылган арбитраждык чечимдер, төмөнкүдөй шарттар болсо башка Тараптын аймагында аткарылып жана таанылуусу зарыл:
а) талаштын катышуучуларынын жазма макулдашуусунда негизделген арбитрлердин чечимдери, укук мамилелеринен келип чыккан кандайдыр бир конкреттүү же келечектеги талаштарды аныктоо үчүн арбитрлерге сунушталган;
б) Суратылуучу Тараптын мыйзамдарына ылайык арбитраждык сотто каралууга жаткан чечим, укук колдонуусун таануу жөнүндөгү өтүнүчү менен талаштын предмети боюнча кабыл алынат, буга суроо-талапка жооп берген тараптын мамлекеттик саясатына каршы келген учурлар кирбейт.
2. Чечимди аткаруу жана таануу жөнүндө өтүнгөн Тарап, чечим аткарылууга жатат деген Суратылуучу Тараптын компетенттүү соттук органынын арбитраждык чечиминин маалымкат менен тиркелген көчүрмөсүн көрсөтүшү зарыл.
3. Ошондой эле, талашты чечүү боюнча арбитрлерге ыйгарым укук берген талаштагы тараптардын ортосундагы макулдашуунун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү сунушталышы керек.
26-берене.
Ушул Макулдашуу ратификацияланууга тийиш жана ратификациялоо жөнүндө документтер менен алмашуу мүмкүн болгон кыска мөөнөттөрдө жүргүзүлүүгө тийиш. Ушул Макулдашуу ратификациялоо жөнүндө документтерди алмашкан учурдан тартып күчүнө кирет.
Тараптардын бири ушул Макулдашуунун колдонулушун башка Тарапты ушул жөнүндө алты (6) ай мурда дипломатиялык канал боюнча билдирүү аркылуу токтото алат. Ушундай билдирүүнүн мөөнөтү бүткөндөн тартып макулдашуу күчүн жоготот жана колдонулушун токтотот.
Жогоруда баяндалганды ырастап төмөндө кол койгондор, бул максат үчүн талаптагыдай ыйгарым укук берилгендер ушул Макулдашууга кол коюшту.
Бардык тексттер бирдей күчкө ээ болгон араб, кыргыз, орус жана англис тилинде 201__-жылдын "__" ___________ _____________ шаарында эки нускада түзүлдү. Текстти чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болсо, англис тилиндеги текст артыкчылык күчкө ээ.
Кыргыз Республикасы үчүн |
| Бириккен Араб Эмираттары үчүн |